№61 мектептин экс-директору Низовскийге соттун өкүмү чыкты

© Фото / сайт УК АФМШЛ №61 Якира№61 мектептин экс-директору Юрий Низовский
№61 мектептин экс-директору Юрий Низовский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Жазылуу
Мурдагы директор үч эпизод менен тергелген.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкектеги №61 мектеп-лицейинин мурдагы директору Юрий Низовскийге соттун өкүмү чыкты. Анын иши Биринчи май райондук сотунда каралган.
Соттон билдиргендей, Низовский үч эпизод менен тергелген:
Т. А. аттуу мугалимдин башка мектептен которулуп келген тууганын 3-класска кабыл алуу үчүн 400 доллар алуу;
Б. Т. аттуу жарандын баласын мектепке которулуп келиши үчүн 12 миң сом алуу;
А. А. аттуу кишинин баласы окууну аяктап жатканда бааларын оңдоо үчүн 10 миң сом алуу.
Натыйжада сот Низовскийди эки берене боюнча актап, үчүнчү берене – окуучунун ата-энесинен бааны оңдогону үчүн 10 миң сом алуу боюнча күнөөлүү деп таап, ага 50 миң сом айып салды.
Бирок экс-директор күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, айрым ата-энелер демөөрчүлүк жардам катары өз эрки менен акча берип турушкан. Анын баары мектептин керектөөсүнө жумшалган.
Эске салсак, Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский былтыр 9-августта кармалган. Көп өтпөй кайра эле үй камагына чыгарылган. УКМК Низовскийдин жана анын туугандарынын мүлкүн 150 миллион сом деп баалаган.
Директор бишкекской АФМШЛ № 61 Юрий Низовский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
34 жылдан бери директор. Кармалган Юрий Низовский жөнүндө эмне белгилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0