Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ичеги-карын инфекцияларын кантип алдын алууга болот?

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2023
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева тамак-аштан ууланууну жана ичеги-карын инфекцияларын алдын алуу үчүн жүрүм-турум эрежелерин айтып берди.
Кыргызстанда ичеги-карын инфекцияларын сальмонеллез, ич келте, дизентерия, ротавирус, аденовирус козгойт. Бул тууралуу Асел Акымбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ичеги-карын инфекцияларын кантип алдын алууга болот?
Анын айтымында, ичеги-карын инфекциялары ичтин катуу ооруй башташы, жүрөк айланып, кусуу, алсыроо, чарчоо, тез-тез суюк заңдоо, дене табынын жогорулашы менен коштолот.
"Жайкысын ичеги-карын инфекциялары менен жабыркагандар кескин көбөйөт. Анын бир нече себептери бар. Биринчиден, күн ысыган мезгилде адамдар суюктукту өтө көп ичкендиктен микроб, бактерияларды өлтүрө турган ашказандагы туз кислотасы күчүн жоготуп, иммунитет түшүп кетет. Ошондой эле мөмө-жемиш бышкан маалда чала жууп жеген учурлар арбыйт. Анын үстүнө ысык мезгилде вирус, бактериялар тез көбөйөт. Тамак-ашты сактоо эрежелери да бузулат. Андыктан тамак-ашты даярдоо жана тез бузулуучу азык-түлүктөрдү сактоо шарты так аткарылган жерлерден, ошондой эле тамак-ашы сертификацияланган, жеке медициналык китепчесинде медициналык кароодон өткөндүгү көрсөтүлгөн адамдардан сатып алуу зарыл. Тез бузулуучу продукцияны сатып алууда даярдалуу жана сакталуу мөөнөтүнө көңүл буруу керек. Өздүк гигиенаны сактоо маанилүү (колду тамактанаар алдында, тамак даярдоонун алдында, дааратканадан же коомдук жайлардан кайтып келгенде, автоунаалардан түшкөндөн кийин жууңуз). Ысытуу менен залалсыздандыруу режимин (азыктын катмарын 700 градуска чейин 5-6 мүнөт ысытуу) жана даяр тамак-ашты сактоо эрежесин кармоо маанилүү. Бышырылган жана кайнатылган азыктарга өзүнчө тактайларды колдонуу керек. Жашылча-жемиштерди тамакка колдонор алдында шорголоп аккан иче турган суу менен жакшылап жууңуз. Тамакты өзгөчө үй-бүлөнүн улгайган адамдары жана балдары үчүн бир эле жолу ичүүгө даярдаган оӊ. Анткени ДССУнун статистикалык маалыматы боюнча, ичеги-карын инфекциялары менен 5 жашка чейинки балдар, кары кишилер жабыркайт. Сүттү кайнатып залалсыздандыруу абзел. Бакча өсүмдүктөрүнүн (дарбыз, коон) кесилбеген, бүтүндөрүн сатып алыңыз жана колдонор алдында жууңуз. Анткени жемиштин сырты менен микробдор оңой ташылып келет, алар анын ширелүү жумшак жеринде көбөйүшөт", — деди Акымбаева.
Ал бул оорулар денеден суюктукту чыгарып, өлүмгө алып келиши менен кооптуу экенин, андыктан өз учурунда дарыгерге кайрылып, дарылануу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0