Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Зыянкечтерден коргой турган өсүмдүктөр тизмектелди

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бай Дыйкан" айыл чарбаны колдоо борборунун органикалык айыл чарбаны жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жанара Бакирова
Бай Дыйкан айыл чарбаны колдоо борборунун органикалык айыл чарбаны жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жанара Бакирова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
Жазылуу
"Бай Дыйкан" айыл чарбаны колдоо борборунун органикалык айыл чарбаны жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жанара Бакирова органикалык айыл чарбаны уюштурууда система керектигин белгиледи.
Зыянкеч курт, өсүмдүктөрдөн табигый жолдор менен арылууга мүмкүндүк бар. Бул тууралуу Жанара Бакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Зыянкечтерден коргой турган өсүмдүктөр тизмектелди
Анын айтымында, органикалык айыл чарбага өтүү үчүн фермер алгач изилдөө жүргүзүшү керек.
"Кайсы элементтер жетишсиз экенин аныктоо үчүн топурактын анализин жасатуу зарыл. Ошого жараша жерди калыбына келтирүүчү ресурстарды топтойт. Малдын кыгын топтоп биогумус, компост жасайт же азот, фосфор, калий бөлүп чыгарган микроорганизмдерди коё берет. Дыйкан атайын журнал ачып, кандай кыйынчылыктар менен кездешкенин жазып туруусу зарыл. Бул кийинки жылы айрым көйгөйлөрдүн алдын алууга көмөк болот. Ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтен коргоодо химиялык каражаттарга альтернатива көп. Мисалы, калемпир, чеснок, эрмен чөптөн зыянкечтерден коргой турган каражаттарды жасоого болот. Календула, ромашка, бархат сыяктуу гүлдөрдү огороддун тегеретесине отургузуу дагы жакшы натыйжа берет. Анткени алар зыянкеч өсүмдүк, курттардан коргоп турат", — деди Бакирова.
Ошондой эле ал органикалык таза түшүм алуу үчүн суу, малдын кыгынын тазалыгына дагы маани берүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0