Депутат Токторбаев Элмурза Сатыбалдиевге: сиз эмне "отвечаласызбы?"

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Женишбек Токторбаев. Архив
Депутат Женишбек Токторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
Депутаттардын тобу "коррупциялык жана башка мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын кызыкчылыгына каршы иш кылгандыгы үчүн соттолгон адамдардын соттуулугу жоюлган күндө дагы президент, парламенттин депутаты, төрага, өкмөттүн мүчөсү боло албайт" деген норманы киргизишүүдө
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев бүгүнкү жыйында кесиптештерин коррупция менен кылмыштарды алдын алууга багытталган мыйзам долбоорлордун пакетин колдобоого чакырды.
Демилгечилердин бири Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, "коррупциялык жана башка мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын кызыкчылыгына каршы иш кылгандыгы үчүн соттолгон адамдардын соттуулугу жоюлган күндө дагы президент, парламенттин депутаты, төрага, өкмөттүн мүчөсү боло албайт" деген норманы киргизүү сунушталууда.
Бирок анын кесиптеши Элмурза Сатыбалдиев депутаттарды бул сунушту колдобоого чакырып, долбоор Конституцияга каршы келерин айтты.
"Негизги мыйзам боюнча адам бир эле кылмышы үчүн эки ирет жазаланбайт", — деди Сатыбалдиев.
Ал ошондой эле бул мыйзам долбооруна ылайык, адам өлтүргөндөр, террорчулар, саткындар президенттин жана депутаттын креслосуна отура аларын белгилеген.
Токторбаев Сатыбалдивеге жооп кайтарды.
"Мыйзам долбоору бир айдай илинип турду. Эч кандай терс пикирлер болгон жок. Элмурза Ракиевич өзүн ойлоп жатса керек. "Каршы" добуш бергиле деп айтканга укугуңуз жок. Өзүңүзгө жооп бербейсизби! Өзүңүз соттолуп, коррупцияга шектелип алып, анан эмне үчүн бул жерде депутаттарды үндөп жатасыз? Бардык депутаттарга сиз жооп бересизби? Эмне, отвечаласызбы?" — деди ал.
Сатыбалдиев кесиптешине жооп берген жок. Бирок бир катар депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, экинчи окууда сунуш-пикирлерди эске алуу зарылдыгын айтышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Байсалов мазактасын деп шайландык беле? Депутаттар чара көрүүнү талап кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0