00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эмне үчүн аялдар аз кандуулук менен көбүрөөк жабыркайт?

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери, гематолог Тимур Нарбеков
Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери, гематолог Тимур Нарбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2023
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери, гематолог Тимур Нарбеков эмне үчүн аялдар аз кандуулук менен көбүрөөк жабыркай турганын түшүндүрүп берди.
Акыркы учурда башка оорулар менен бирге эле жаштардын арасында гематологиялык оорулар көбөйүп жатат. Бул тууралуу Тимур Нарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эмне үчүн аялдар аз кандуулук менен көбүрөөк жабыркайт?
Анын айтымында, кан ооруларын алдын алуу үчүн жыл сайын бир ирет жалпы кан жана зара анализин тапшырып туруу керек.
"Кан – бул өмүр дарыясы. Кан ооруларынын ичинен анемия же аз кандуулук кеӊири тараган оорулардын бири. Анемияда кандагы гемоглобин, эритроциттердин саны азайып кетет. Аз кандуулук терапевттик ооруларга байланыштуу жана кан ооруларына байланыштуу болуп эки классификацияга бөлүнөт. Кыргызстандын 90 пайызы (өзгөчө аялдар) темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулук менен жабыркайт. Кандын пайда болушуна керектүү заттар: темир, B12 витамини, фолий кычкылы. Эгер ушулардын бирөө төмөндөсө, аз кандуулук пайда болот. Кандагы гемоглобиндин нормасы аялдарда литрине 120-140 грамм, ал эми эркектерде 130-160 деп белгиленет. Бизде аялдардын көбү гемоглобини 70-80 бойдон жүрө беришет. Анткени организм да буга ыӊгайлашып көнүп алгандыктан, аз кандуулуктун кесепети сезилбейт. Эмне үчүн аялдар аз кандуулук менен көбүрөөк жабыркайт? Себеби репродуктивдүү курак башталганда ай сайын айызы келип, бул дагы кан жоготууга себеп болот. Кош бойлуу кезинде жана бала эмизип жатканда темир заты аябай сарпталат. Ошондуктан балдардын ортосундагы аралык үч жыл болушу керек деп эсептейбиз. Аялзатынын ден соолугу — бул коомдун саламаттыгы. Анемиясы бар энеден ден соолугу начар бала төрөлөт. Анткени түйүлдүк жетишерлик деӊгээлде өөрчүбөй калат же болбосо бойдон түшөт. Аз кандуулукта кандагы миоглобин да аз болгондуктан төрөттөн соӊ аялдын жатыны кайра жыйрылбай калат да, кан агуулар болот. Дегеле анемия эне-баланы өлүмгө кептейт", — деди Нарбеков.
Ал анемия тубаса дарт эмес экенин белгилеп, аны дарыласа боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0