00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Почему в Кыргызстане подорожало мясо? Минсельхоз объяснил ситуацию с КРС
12:04
48 мин
On air
12:52
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Үлүштүк курулуш" турак жай каржылоо механизми кандай жеңилдиктерди берет?
13:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек таксисттерге карата талаптарды күчөтүүнү көздөөдө — эмне өзгөрөт?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Зачем нужно признание "Талибана" - беседа с политологом об Афганистане
14:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
“Менин алтын микрафонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Аячы” фильми зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндердин үнүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт прокурор каза болсо берилчү компенсацияны 12 эсе азайтууну сунуштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовПрокуратуранын имараты. Архив
Прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
Мыйзам долбоору кабыл алынып калса орто эсеп менен 1,5 миллион сом төлөнүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Прокуратура кызматкерлери жумуш учурунда каза болсо төлөнүүчү компенсациянын суммасын 12 эсеге азайтуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Финансы министрлиги демилгелеп, парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетине финансы министри Алмазбек Бакетаев алып келди.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү сунушталууда.
"Коомчулукта каза болгон прокурорго берилчү 21 миллион сомдук компенсация көп эмеспи деген сындар айтылган. Өзүңүздөр билгендей, 2021-2022-жылдары өлкөнүн бардык тармактарында маяналар жогорулаган, анын ичинде прокурорлордуку да көбөйгөн. Ошого байланыштуу ушундай сумма чыгып кетти. Ага чейинки төлөмдөр 9 миллион сомдун тегерегинде болчу. Биз сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынса орто эсеп менен 1,5 миллион сом төлөнүп калат", — деди Бакетаев.
Финансы министринин айтымында, долбоордо төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
прокурор кызматтык милдетин аткарып жатып көз жумса, үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча 20 орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт (учурда 20 жылдык маянасы берилет);
I топтогу майып болуп калса — 10 орточо айлык эмгек акы (учурда 10 жылдык маяна);
II топтогу майыпка — 8 орточо айлык эмгек акы (учурда 8 жылдык маяна)
III топтогу майыпка — 5 орточо айлык эмгек акы (учурда 5 жылдык).
Белгилей кетсек, былтыр июль айында Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков Бишкектен баратканда автоунаасы аласалып каза болгон. Мындан улам анын үй-бүлөсүнө 21,7 миллион сом компенсация берүү маселеси Жогорку Кеңешке киргизилген. Аталган норма коомчулукта түрдүү сын пикирлерди жараткан.
Прокуратуранын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Ызы-чууга карабай маркум прокурордун үй-бүлөсүнө 21,7 млн. сом берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0