Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Панкреатит деген эмне жана ал эмнеси менен кооптуу?

© Sputnik / Асель СыдыковаГастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова
Гастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2023
Жазылуу
Гастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова панкреатиттин пайда болуу себеби, ошондой эле ооруну дарылоо жана алдын алуу ыкмалары жөнүндө айтып берди.
Панкреатит көпкө чейин адамдын тынчын албайт. Илдет ушунусу менен өзгөчө коркунучтуу. Ошондуктан дени сак адам ички органдарын жыл сайын УЗИден өткөрүп турушу маанилүү. Бул тууралуу Нургүл Токтогулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Панкреатит деген эмне жана ал эмнеси менен кооптуу?
Анын айтымында, панкреатитте биринчи кезекте тамак сиңирүү процесси бузулат.
"Панкреатит — уйку бези сезгенгенден улам пайда болгон оору. Сезгенген органда тамак-аштын, өзгөчө май жана белокторду сиңирүүгө зарыл болгон ферменттердин бөлүнүп чыгышы бузулат. Ошондой эле оору ферменттер өтүүчү түтүктөрдүн начар иштешин шарттайт. Ушундан улам бөлүнүп чыккан фермент он эки эли ичегиге келбей чогулуп, уйку безинин өзүн эрите баштайт. Бул адамды өлүмгө кептейт. Көп учурда уйку бези менен көйгөйлөр өт баштыкчасынын ар кандай патологиясы менен ооруган бейтаптарда пайда болот. Башкача айтканда, бул эки орган тамак сиңирүү жана эритүү үчүн абдан маанилүү. Мындан тышкары, уйку бези инсулинди иштеп чыгат, ал эми өнөкөт панкреатит көп учурда инсулинге көз каранды кант диабетине алып келет. Панкреатит катуу кармашы мүмкүн, өнөкөт мүнөздө болушу ыктымал. Катуу кармаган же курч панкреатитте ичтин тушу чыдатпай катуу ооруйт. Мындай шартта бейтапты ооруканага жаткырууга туура келет. Өнөкөт панкреатиттин белгиси тамакка табит тартпай, жүрөгү айланып, кусуп, ичи көөп, кекирет. Албетте, бул арыктатат. Майлуу жана ачуу тамактарды жегенде же арак ичкенде өнөкөт панкреатит менен ооругандарда илдет курч мүнөзгө өтүп, көзөп жаткандай катуу сайгылашып оорушу ыктымал. Өнөкөт панкреатитте диета кармоо өтө маанилүү. Белокту көбөйтүп, майларды жана углеводдорду, таттууну азайтуу зарыл. Куурулган тамакты жебеш керек. Витаминдерди көп ичкенге аракет кылып, күнүнө 5-6 маал тамактануу режимин кармаган оң. Рациондо майы жок эт жана балык болуш керек. Сууга же бууга бышырылып, абдан майда эзилген болушу зарыл", — деди Токтогулова.
Ал панкреатитти алдын алуу үчүн стресске кабылбаганга, жакшы уктап, ичимдик, тамекиден оолак болуп, туздуу, майлуу, куурулган, ачуу тамактардан баш тартуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0