Чудагы балыктын массалык кырылышы. Текшерүүнүн жыйынтыгы жарыяланды

© Sputnik / Эмиль СадыровЧу дарыясы. Архив
Чу дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Сокулукта Чу дарыясындагы балыктын массалык кырылышы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
16-майда суунун үлгүсү жана балыктын патологиялык материалдары алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында паразиттик оорулар, нитрат, мышьяк жана нитрит сыяктуу токсиндүү затар табылган эмес.
"Сууну текшерүүдө токсиндүү элементтер аныкталган жок", — дешти министрликтен.
Жергиликтүү тургундар сууга химикат түшкөн деп божомолдошкон.
Тойбосс фирмасынын продукциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Айыл чарба министрлиги "Тойбосс" колбасасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0