Келерки аптада Баткенде кандай аба ырайы күтүлүүдө?

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКарагайдын бутагында жамгыр тамчылары. Архив
Карагайдын бутагында жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги эмки жумада Баткен облусунда аба ырайы кандай болору туурасында божомолун таратты.
Ага ылайык, 22-майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачынсыз болот.
23-24-25-майда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
26-27-28-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-23-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Баткен шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Баткен менен Раззаковго билеттер эмнеге кымбаттап кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0