00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

С. Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Жазылуу
Мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун 17-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктаганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
18-майда Жапаров Сиань шаарында Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Анда өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана ар кыл чөйрөдөгү долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулашты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп жана аны ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.
Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан жана документтерге кол коюу аземинен кийин Жапаров Кытайдын бизнес-коомчулугу менен жолугушуп, аларды Кыргызстанда приоритеттүү долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Ошол күнү кечинде мамлекет башчысы биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу Кытай лидери Си Цзиньпиндин Борбор Азия лидерлеринин мамлекеттик сапарына арналган өлкө башчылары менен учурашуу аземине катышты.
Мамлекеттик сапардын кийинки күнү, 19-майда, Жапаров "Борбор Азия — Кытай" саммитинин ишине катышты, анын жыйынтыгында Сиань декларациясы жана бир катар көп тараптуу документтер кабыл алынды. Андан соң Пекин шаарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолукту.
Мамлекеттик сапардын акыркы күнүндө, 20-майда, Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Жапаров буга чейин Бишкек шаарынын керектөөлөрү үчүн сатылып алынган, газ менен жүрүүчү 120 автобустун партиясы чыккан "Zhongtong Bus Holding Co. Ltd" автобус заводунун иши менен таанышты. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өтүп, буга байланыштуу аталган маркадагы автобустардан 1000ди бюджеттик каражатка сатып алуу чечими кабыл алынган. Алар Бишкек шаарына жеткирилет.
Андан кийин Жапаров Шаньдун провинциясынын Парткомунун катчысы Линь У менен жолугуп, регион аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. 20-майдын кечинде Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарын аяктап, Президент Бишкек шаарына келди.
Чек арадан өтүп бараткан фура. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Бедел. Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрүү жайы пайда болот
Жаңылыктар түрмөгү
0