Энелердин майрамын утурлай. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыктылардын сүрөтү

Жазылуу
Май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкө аймагында Энелер күнү белгиленет. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги сыртта мамлекеттин ишин кылып, үйдө уул-кыз тарбиялаган ак элечек, ак жоолукчан апалардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып, эл башкаргандардын сап башында Алай ханышасы - Курманжан датка, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова, 22 жыл Маданият министрлигин жетектеген Күлүйпа Кондучалова, Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп 25 жыл иштеген Батыш Салиева, Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин 17 жылдан ашык башкарган Сакин Бегматова, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бар.
Ал эми маданият, искусство, билим берүү, айыл чарба тармагына эмгек сиңиргендердин арасына актриса Сабира Күмүшалиева, кыргыздан чыккан биринчи стенографист Айша Карасаева, опера ырчы Сайра Кийизбаева, Кайыргүл Сартбаева, Социалисттик эмгектин баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарова, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева, комузчу Самара Токтакунованы кошууга болот.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда аталган дата президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан бери белгиленүүдө.
© Фото / Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАН

Көчмөн кыргыз эне бала-бакырасы, жакындары менен

Көчмөн кыргыз эне бала-бакырасы, жакындары менен - Sputnik Кыргызстан
1/19

Көчмөн кыргыз эне бала-бакырасы, жакындары менен

© Фото / Карл Густав Маннергейм

Алымбек датканын дүйнөдөн кайтышы менен эл башына келген көп балалуу Курманжан датка. Ал өмүрүнүн аягына чейин журт башкарган

Алымбек датканын дүйнөдөн кайтышы менен эл башына келген көп балалуу Курманжан датка. Ал өмүрүнүн аягына чейин журт башкарган - Sputnik Кыргызстан
2/19

Алымбек датканын дүйнөдөн кайтышы менен эл башына келген көп балалуу Курманжан датка. Ал өмүрүнүн аягына чейин журт башкарган

© Фото / Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАН

Кийиз жасаган апалар. Сүрөт XIX кылымдын экинчи жарымында тартылган

Кийиз жасаган апалар. Сүрөт XIX кылымдын экинчи жарымында тартылган - Sputnik Кыргызстан
3/19

Кийиз жасаган апалар. Сүрөт XIX кылымдын экинчи жарымында тартылган

© Фото / Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАН

Балдарын учкаштырып алып жаңы конушка жол тарткан эне. Алай өрөөнү, XX кылымдын башы

Балдарын учкаштырып алып жаңы конушка жол тарткан эне. Алай өрөөнү, XX кылымдын башы - Sputnik Кыргызстан
4/19

Балдарын учкаштырып алып жаңы конушка жол тарткан эне. Алай өрөөнү, XX кылымдын башы

© Фото / Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАН

Ак элечекчен энелер. Сүрөт 1937-жылы тартылган

Ак элечекчен энелер. Сүрөт 1937-жылы тартылган - Sputnik Кыргызстан
5/19

Ак элечекчен энелер. Сүрөт 1937-жылы тартылган

© Sputnik / Вячеслав Бобков

Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова

Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова - Sputnik Кыргызстан
6/19

Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарова неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарова неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/19

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарова неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл

© Фото / из семейного архива Салиевых

31 жашында Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп, ал мекемени 25 жыл, республикалык кесиптер бирлигинин кеңешин жети жыл жетектеген Батыш Салиева

31 жашында Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп, ал мекемени 25 жыл, республикалык кесиптер бирлигинин кеңешин жети жыл жетектеген Батыш Салиева - Sputnik Кыргызстан
8/19

31 жашында Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп, ал мекемени 25 жыл, республикалык кесиптер бирлигинин кеңешин жети жыл жетектеген Батыш Салиева

© Фото / предоставлено мемориальным домом-музеем имени Зууракан Кайназаровой

Чүйдүн эмгекчил апалары кызылча талаасында тамактанууда

Чүйдүн эмгекчил апалары кызылча талаасында тамактанууда - Sputnik Кыргызстан
9/19

Чүйдүн эмгекчил апалары кызылча талаасында тамактанууда

© Фото / из семейного архива Кондучаловых

Күлүйпа Кондучалова 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, ошол эле маалда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин да аткарган. Кийин 22 жыл Маданият министрлигинин башында турган. Сүрөттө биргеликте бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн жолдошу Абды Оролбаев менен

Күлүйпа Кондучалова 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, ошол эле маалда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин да аткарган. Кийин 22 жыл Маданият министрлигинин башында турган. Сүрөттө биргеликте бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн жолдошу Абды Оролбаев менен - Sputnik Кыргызстан
10/19

Күлүйпа Кондучалова 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, ошол эле маалда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин да аткарган. Кийин 22 жыл Маданият министрлигинин башында турган. Сүрөттө биргеликте бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн жолдошу Абды Оролбаев менен

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисттери – атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, опера ырчы, залкар Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди

СССРдин эл артисттери – атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, опера ырчы, залкар Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди - Sputnik Кыргызстан
11/19

СССРдин эл артисттери – атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, опера ырчы, залкар Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти, сахна чебери Бакен Кыдыкеева кесиптеши Болот Бейшеналиев менен. Актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин театрда эмгектенген

СССРдин эл артисти, сахна чебери Бакен Кыдыкеева кесиптеши Болот Бейшеналиев менен. Актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин театрда эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
12/19

СССРдин эл артисти, сахна чебери Бакен Кыдыкеева кесиптеши Болот Бейшеналиев менен. Актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин театрда эмгектенген

© Фото / Александр Федоров

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык, кинодо ондогон роль аткарган СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык, кинодо ондогон роль аткарган СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
13/19

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык, кинодо ондогон роль аткарган СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева) өмүрүн илимге арнап, далай эмгектерди жараткан. Сүрөттө ал жолдошу, атактуу илимпоз Кусеин Карасаев экөө небереси менен

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева) өмүрүн илимге арнап, далай эмгектерди жараткан. Сүрөттө ал жолдошу, атактуу илимпоз Кусеин Карасаев экөө небереси менен - Sputnik Кыргызстан
14/19

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева) өмүрүн илимге арнап, далай эмгектерди жараткан. Сүрөттө ал жолдошу, атактуу илимпоз Кусеин Карасаев экөө небереси менен

© Sputnik / Александр Чепрунов

Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин 17 жылдан ашык башкарган Сакин Бегматова

Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин 17 жылдан ашык башкарган Сакин Бегматова - Sputnik Кыргызстан
15/19

Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин 17 жылдан ашык башкарган Сакин Бегматова

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Сахна ханышасы делген атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева. Ал талыкпаган эмгегинин аркасында СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган

Сахна ханышасы делген атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева. Ал талыкпаган эмгегинин аркасында СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган - Sputnik Кыргызстан
16/19

Сахна ханышасы делген атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева. Ал талыкпаган эмгегинин аркасында СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган

© Фото / из архива Самары Токтакуновой

СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунова уулу Асландын скрипкада, Актандын фортепианодо ойногонуна көз салууда

СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунова уулу Асландын скрипкада, Актандын фортепианодо ойногонуна көз салууда - Sputnik Кыргызстан
17/19

СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунова уулу Асландын скрипкада, Актандын фортепианодо ойногонуна көз салууда

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүү

КМШдан чыккан биринчи аял президент Роза Отунбаева кесиптештери менен. Азыр КРдин экс-президенти Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Афганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп иштеп келет

КМШдан чыккан биринчи аял президент Роза Отунбаева кесиптештери менен. Азыр КРдин экс-президенти Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Афганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп иштеп келет - Sputnik Кыргызстан
18/19

КМШдан чыккан биринчи аял президент Роза Отунбаева кесиптештери менен. Азыр КРдин экс-президенти Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Афганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп иштеп келет

© Фото / из личного архива Нуркана Турсунбаева

Таттыбүбү Турсунбаева болочоктогу актриса Анара Макетаева менен

Таттыбүбү Турсунбаева  болочоктогу актриса Анара Макетаева менен - Sputnik Кыргызстан
19/19

Таттыбүбү Турсунбаева болочоктогу актриса Анара Макетаева менен

Тема боюнча:
Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк
Тыным көрбөгөн кыз-келиндер менен балдар. Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы
Жаңылыктар түрмөгү
0