Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Небензя Батышты Украина жасаган аскердик кылмыштардын шериктеши деп атады

© AFP / ANDREA RENAULTРоссиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы атайын өкүлү Василий Небензя. Архив
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы атайын өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Жазылуу
Небензя 1907-жылдагы Гаага конвенциясын эске салып, түшүндүрүп берген.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Киевге курал берген Батыш өлкөлөрү Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жана улутчул батальондордун аскердик кылмыштарынын кошо жасоочусу. Мындай билдирүүнү Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы атайын өкүлү Василий Небензя жасаганын РИА Новости жазды.
"Киевге улам барган сайын күчтүүрөөк курал-жарак системаларын жеткирүү, сокку уруу үчүн маалыматтарды үзгүлтүксүз берүү, өзүнүн аймагында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин окутуу бул мамлекеттерди Россия менен куралдуу кагылышуунун катышуучуларына гана айлантпайт. Бул – 1907-жылдагы Гаага конвенциясындагы деңиз жана кургактагы согушта бейтарап державалардын укуктары жана милдеттерине ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрү менен улутчул батальондор менен шериктештикте аскердик кылмыштарды кошо жасагандык деп эсептелет", — деп белгилеген Небензя.
Ал ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин "согушту тез арада токтотуу үчүн Украинага аскердик жардам кылууну токтотуу зарыл. Ошондо Украинага бир нече күндөн кийин багынып берүүгө туура келет. Болду, ошону менен согуш аяктайт" деп айткандарын эске салды.
"Бул боюнча Британиянын коргоо министри Бен Уоллес өтө эле ачык болуп кетип, Батыштын башка мамлекеттеринин Киев бийлигинин тынчтык орнотушуна мажбурлоого азгырылып кетпеши үчүн Улуу Британия Украинага аскердик жардам берүүнү улантышарын билдирген жайы бар", — деп белгиледи Небензя.
Буга чейин Россия НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков, Батыштын Украинаны курал-жарак менен үзгүлтүксүз камсыздоосу орус-украин сүйлөшүүлөрүн илгерилетпестен, тескерисинче, ажырымды кеңейте берерин эскерткен.
 Рим папасы Франциск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Путин менен Зеленский Рим папасынын элчилерин кабыл алууга макул болушту
Жаңылыктар түрмөгү
0