Айып пул көтөрүлгөндөн кийин жол эрежесин бузуу канчага азайганы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖКККБ кызматкери. Архив
ЖКККБ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
Жол эрежесин бузуу фактыларынын бардык түрлөрү азайып жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жыл башынан бери өлкөдө катталган жол эрежесин бузуулар тууралуу маалымат берди.
Быйыл январь-апрель айларында катталган эреже бузуулар (кашаанын ичинде былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу канчага азайганы көрсөтүлдү):
ылдамдыкты ашырып айдаган 41 938 айдоочу аныкталды (3 262 фактыга аз);
мас абалында унаа башкаргандар — 3 245 факты (784);
коопсуздук курун тагынбай айдагандар — 95 628 (14 871).
ЖКККББ Кыргызстанда 8-марттан тартып айып пул көтөрүлгөндүктөн жол эрежесин бузуу фактыларынын бардык түрү азайып жатканын белгиледи.
Бишкектин көчөсүндө автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Айып пул көбөйсө да жолдогу кырдаал оңолгон жок. ИИМ нааразы болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0