Кыргызстанда кубаттуулугу 1000 мегаваттык электр станциясын куруу пландалууда

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКүн электр станциясындагы фотоэлектрдик модулдар. Архив
Күн электр станциясындагы фотоэлектрдик модулдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Жазылуу
Станцияны Тору-Айгыр айылында куруу пландалууда.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасала турган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстанда кубаттуулугу 1 гигаватт (1000 мегаватт) болгон күн электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Салыштыруу үчүн: өлкөдөгү эң ири электростанциянын, тагыраагы, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1 200 мегаватты түзөт.
Объектини кытайлык China Power International Development Limited жана China Railway 20 Bureau Group Corporation энергетикалык консорциум курат. Бүгүн долбоор министрлер кабинетинде презентацияланды. Станцияны Тору-Айгыр айылында куруу пландалууда.
"Бул долбоор биз үчүн абдан маанилүү. Республиканын гидроэнергетикалык потенциалынын 70 пайызга жакыны ишке ашпай турат, ал эми биз электр энергиясын импорттоону улантып жатабыз", — деди Жапаров.
Кытайдын жана Кыргызстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Кытайга Ысык-Көл тараптан жол ачуу жана Сары-Жазга ГЭС куруу талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0