Эксперт: АКШнын Борбор Азиядагы күчтөнүүсү куралдуу кагылышка алып келет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАКШнын желегинин фонунда "Кирүү жок" белгиси. Архив
АКШнын желегинин фонунда Кирүү жок белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Жазылуу
Азырынча америкалыктар Борбор Азияны Кытай жана Россияга каршы тура турган дагы бир багыт катары колдонуу идеясынан баш тарта элек. Алардын регионго келиши кайсы жагынан караганда да кооптуу.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. АКШнын Борбор Азиядагы таасири төмөндөп кеткени талашсыз, бирок аймакта алардын кайсы жагынан болбосун күчтөнүшү куралдуу кагылышуу кооптуулугун жаратат. Мындай пикирин Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын өкүлү, экономика илимдеринин кандидаты Станислав Ткаченко "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун Томск шаарында өтүп жаткан "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциясынын отурумунда айтты.
"АКШ жана анын жандоочуларынын аймактагы таасири 2021-жылдагы августтан кийин акыркы он жылда болуп көрбөгөндөй деңгээлге төмөндөдү", — деген Ткаченко.
Ал мындай кырдаалдан жан-жакадагы башка ири державалар: Индия, Иран, Түркия пайдаланып кетүү аракетинде экенин белгиледи. Алардын Борбор Азиянын тышкы саясий жана экономикалык жаатта активдешүүсүн арттыруу далалатын кошумчалады.
"Азырынча америкалыктар Борбор Азияны Кытай жана Россияга каршы тура турган дагы бир багыт катары колдонуу идеясынан баш тарта элек. Алардын регионго "түстүү ыңкылаптын" демөөрчүсү болуп же диний экстремисттик уюмга колдоо көрсөтүп келүү кооптуулугу бар. Мындай жагдай куралдуу кагылышуу коркунучун жаратат", — деген эксперт.
Ткаченко Москва же Пекин аймактагы беш мамлекет менен кызматташып, Вашингтондун бул кадамдарын "өз учурунда жаап жана токтотуп коюшу мүмкүндүгүн" айтты.
Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын өкүлү, экономика илимдеринин кандидаты Станислав Ткаченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Эксперт: Батыш сунуштаган транспорт долбоорлорунан Борбор Азия абайлашы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0