11-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтодорога Бишкек — Ош. Архивное фото
Автодорога Бишкек — Ош. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Жазылуу
11-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +18...+23, ал эми Нарында +20...+25 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ошто +30...+32 градуска жетет.
Пробиркадагы кенелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Жаратылышка чыгып эс алуунун маалы келди. Эске алчу нерселер
Жаңылыктар түрмөгү
0