https://sputnik.kg/20230504/ukmk-turizmdi-koldoo-fonduna-ish-kozgodu-1074988146.html
Rest Point куруудагы коррупция. УКМК Туризмди колдоо фондуна иш козгоду
Rest Point куруудагы коррупция. УКМК Туризмди колдоо фондуна иш козгоду
Sputnik Кыргызстан
Чекисттер фонддун кеңсесин жана жетекчисинин үйүн тинткен. 04.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-04T13:04+0600
2023-05-04T13:04+0600
2023-05-04T13:57+0600
кыргызстан
туризм
кылмыш иши
коррупция
укмк
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1e/1068484146_0:140:800:590_1920x0_80_0_0_c6f6f080f9252fa92d09a392fb9a2e35.jpg
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Туризмди колдоо фондуна кылмыш иши козголуп, кеңсеси тинтүүгө алынды. Бул туурасында УКМК төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков парламентте билдирди.Анын айтымында, жолдун бойлоруна туристтер токтоп эс алып кетүүгө ылайыкталган пунктуларды (Rest Point) курууда коррупциялык иштер болгон.Ал эми Калашникова тендер боюнча бир Rest Point 6,5 миллион сомго бааланып, курулганын айтты. Мамкурулуш агенттиги ошол убакта 8,3 миллион сомго баалап бергенин, учурда 14 миллион сомго бааланып атканын мисал келтирди."Бизде төрт айдан бери ар кандай текшерүүлөр болуп жатат. Эс алуу пунктунун өңү башкача болуп калыптыр, туура эмес шоколад коюп коюпсуңар деген сыяктуу көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Жыйынтыгына эмес, азыркы ишине карап жатышат", — деди Калашникова.
https://sputnik.kg/20230503/turak-zhay-kooperativi-kylmysh-ishi-1074961767.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1e/1068484146_0:0:800:600_1920x0_80_0_0_db567539861dc9362784fe0cb8fc410f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, туризм, кылмыш иши, коррупция, укмк
кыргызстан, туризм, кылмыш иши, коррупция, укмк
Rest Point куруудагы коррупция. УКМК Туризмди колдоо фондуна иш козгоду
13:04 04.05.2023 (Жаңыртылды: 13:57 04.05.2023) Чекисттер фонддун кеңсесин жана жетекчисинин үйүн тинткен.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Туризмди колдоо фондуна кылмыш иши козголуп, кеңсеси тинтүүгө алынды. Бул туурасында УКМК төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков парламентте билдирди.
Анын айтымында, жолдун бойлоруна туристтер токтоп эс алып кетүүгө ылайыкталган пунктуларды (Rest Point) курууда коррупциялык иштер болгон.
"28-апрелде УКМК тарабынан Туризмди колдоо фондунун кеңсеси жана жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынды. Жыйынтыгында курулуш иштеринин документтери, Россиянын жарандыгындагы үч паспорт, Кыргызстан жарандыгындагы бир паспорт алынган", — деди Шабданбеков.
Ал эми Калашникова тендер боюнча бир Rest Point 6,5 миллион сомго бааланып, курулганын айтты. Мамкурулуш агенттиги ошол убакта 8,3 миллион сомго баалап бергенин, учурда 14 миллион сомго бааланып атканын мисал келтирди.
"Бизде төрт айдан бери ар кандай текшерүүлөр болуп жатат. Эс алуу пунктунун өңү башкача болуп калыптыр, туура эмес шоколад коюп коюпсуңар деген сыяктуу көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Жыйынтыгына эмес, азыркы ишине карап жатышат", — деди Калашникова.