4-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
Жазылуу
4-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде жааган жамгыр карга айланат. Ош, Нарын жергесинин тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ош, Баткен өрөөндөрүнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас өрөөнүндө +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көлдө +8...+13, ал эми Нарында +7...+12 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Кар баскан жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0