Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтчү күндөр белгиленди

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КРОкуучулар Жалпы республикалык тестирлөө тапшыруу учурунда. Архив
Окуучулар Жалпы республикалык тестирлөө тапшыруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Жазылуу
Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест-борборлордо кошумча каттоо жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 20-майда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Тагыраагы, төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:
I этап: 20-21-май (19-май – тест-борборлорду даярдоо күнү);
II этап: 23-24-май (22-май – тест-борборлорду даярдоо күнү);
III этап: 23, 24-июнь — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандар үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест-борборлорду даярдоо күнү).
Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест-борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Билим берүү жана илим министрлигинин санарип трансформация бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Шаршенбай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Радио
1-класска электрондук каттоо жеңилдеди, документ бир учурда гана суралат
Жаңылыктар түрмөгү
0