Ошто күндүн табы 30 градуска чукулдайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Ош облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
30-апрелде тоо этектеринде жана тоолордо өткүн өтөт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.
1-3-майда күндүзү айрым жерлерде өткүн өтөт. Ошол бойдон күн ачылып, 6-майга чейин жамгыр жаабайт.
Абанын күндүзгү температурасы 29 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майда айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Үч районго аким, Ош облусунун башчысына эки орун басар дайындалды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0