Нарында 7 жашар кызды өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Сүрөт

© Фото / УВД Нарынской областиНарында 7 жашар кызды өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалды
Нарында 7 жашар кызды өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Окуучу сарайдагы үйүнөн мектепке каттап окуп жүргөн.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Нарын районунун Орто-Нура айылынын 64 жаштагы тургуну жети жашар окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кечээ, 28-апрелде, аталган айылдын тургуну милицияга 2016-жылы туулган кызы мектепке кеткен бойдон келбей калгандыгы тууралуу маалымдаган. Аталган факт Нарын РИИБдин электрондук журналына катталган.
"Окуучу кыз Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан сарайдагы үйүнөн айылдагы орто мектепке жөө барып келип, окуп жүргөн. 28-апрель күнү саат 12:00дөр чамасында өзү жалгыз мектепке окуганы кетип, кайра саат 15:30да сабактан чыккан бойдон үйүнө келбей калган. Кыздын апасы бул тууралуу милицияга жана айылдыктардын WhatsApp группасына кабарлаган", — деп айтылат маалыматта.
Айыл эли издөө иштерин уюштуруп, болжол менен саат 22:10дор чамасында кыздын сөөгүн ошол эле айылдагы ээн үйдүн ичинен табышкан. Кароо учурунда анын денесинен кыйноо белгилери байкалган.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Нарын районунун Орто-Нура айылынын 64 жаштагы тургуну мас абалында кармалган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө уланууда", — деп билдирди Нарын ОИИБ.
Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Ош медициналык колледжинин мугалимдери пара алууга шектелип кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0