Кыргызстанда "Асман" шаарынын курулушу башталып, жакында капсула салынат. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Жазылуу
Экошаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулат.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, курулушу баштала турган "Асман шаарынын" долбоору менен таанышты. Ага жакында капсула салынарын президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Асман" экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.
© Фото / пресс-служба президента КР

Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, курулушу баштала турган "Асман шаарынын" долбоору менен таанышты

Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, курулушу баштала турган "Асман шаарынын" долбоору менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/4

Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, курулушу баштала турган "Асман шаарынын" долбоору менен таанышты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ага жакында капсула салынарын президенттин маалымат кызматы билдирди

Ага жакында капсула салынарын президенттин маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/4

Ага жакында капсула салынарын президенттин маалымат кызматы билдирди

© Фото / пресс-служба президента КР

"Асман" экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды

"Асман" экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды - Sputnik Кыргызстан
3/4

"Асман" экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ошону менен бирге президент спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты

Ошону менен бирге президент спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
4/4

Ошону менен бирге президент спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты

1/4

Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, курулушу баштала турган "Асман шаарынын" долбоору менен таанышты

2/4

Ага жакында капсула салынарын президенттин маалымат кызматы билдирди

3/4

"Асман" экошаарында алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды

4/4

Ошону менен бирге президент спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты

Өлкө башчы ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплекси курулуп жаткан "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортун да карап чыкты. Аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымын көтөрө албай калган. Аэропорттун модернизациясы аяктаса өлкөдөгү ички авиакаттамдар көбөйүп, ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралары айтылды.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Өлкө башчы ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплекси курулуп жаткан "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортун да карап чыкты

Өлкө башчы ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплекси курулуп жаткан "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортун да карап чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/3

Өлкө башчы ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплекси курулуп жаткан "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортун да карап чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымын көтөрө албай калган

Аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымын көтөрө албай калган - Sputnik Кыргызстан
2/3

Аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымын көтөрө албай калган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Аэропорттун модернизациясы аяктаса өлкөдөгү ички авиакаттамдар көбөйүп, ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралары айтылды

Аэропорттун модернизациясы аяктаса өлкөдөгү ички авиакаттамдар көбөйүп, ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралары айтылды - Sputnik Кыргызстан
3/3

Аэропорттун модернизациясы аяктаса өлкөдөгү ички авиакаттамдар көбөйүп, ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралары айтылды

1/3

Өлкө башчы ошондой эле саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплекси курулуп жаткан "Ысык-Көл" (Тамчы) эл аралык аэропортун да карап чыкты

2/3

Аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымын көтөрө албай калган

3/3

Аэропорттун модернизациясы аяктаса өлкөдөгү ички авиакаттамдар көбөйүп, ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралары айтылды

Садыр Жапаров ошондой эле Балыкчы — Кочкор темир жол тилкесинин курулуш иштери тууралуу маалымат алып, темпти басаңдатпоо үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
Буга катар мамлекет башчы "Тамчы" эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерге да барды. Келечекте бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объектилер жайгаштырылып, чет элдик коноктордун ири агымын кабыл алууга мүмкүндүк берери айтылды.
Ошону менен бирге президент спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты. Негизги басым спорттук жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жасалат. Бул комплекс Ысык-Көлдүн жээгинде кызыктуу жана сапаттуу эс алууга шарт түзөт.
2021-жылдын июль айынын башында президенттик администрация Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылынын жанында 500 миң калкы бар инновациялык "Асман" шаарын куруу пландалып жатканын билдирген. Бийлик "Асман" Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борборуна айланарын айткан. Келечектеги шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топ түзүлүп, мамлекеттик дирекция негизделген.
Асман тиреген имараттын терезелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жапаров: "Асман" шаарын беш жылда куруп бүтүшүбүз керек
Жаңылыктар түрмөгү
0