Ызы-чуулар артисттин оюн бөлөт... Спектакль көрүү маданиятын биле жүрөлү

© Sputnik / Владислав НогайСпектаклге келген көрүүчүлөр. Архивдик сүрөт
Спектаклге келген көрүүчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Жазылуу
Кыргыз улуттук драма театры спектакль көрүп жатканда эмнелерди кылууга болбой турганын билип алууну суранды.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Театрга келип спектакль көрүү маданияты тууралуу Кыргыз улуттук драма театры айтып берди.
Театр спектакль көрүп жатканда эмнелерди кылууга болбой турганын биле жүрүүнү суранды:
театрга 12 жашка чейинки балдарды алып келүүгө болбойт;
эгер келип алсаңыз, балаңыз спектакль маалында ыйласа дароо залдан чыгып кетүү зарыл. Себеби театр кино эмес, театр жандуу организм, артисттер жандуу ойноп жаткан учурда балдардын ыйлаганы тоскоолдук жаратат;
спектакль маалында тамак жегенге, шатыратып баштык оодарганга болбойт;
спектаклге кирип жатканда уюлдук телефондун үнүн өчүрүп коюңуз;
телефондун шыңгыраганы бүткүл көрүүчүлөрдүн да, ойноп жаткан артисттин да оюн бөлөт;
спектакль маалында эч качан телефон менен сүйлөшүүгө болбойт;
эгер кечигип келсеңиз билетте жазылган орундукту издеп бүт залды кыдырбай, четтеги бош орунга отура бериңиз;
негизи спектаклге кечигип киргенге болбойт;
театрга, деги эле коомдук жайга ашыкча жыпар жыттанган атыр себинип келүүгө болбойт, бул отургандарга ыңгайсыздык жаратышы ыктымал.
Театр көрөрмандардан айтылгандарды туура түшүнүүнү суранды.
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Бишкекте кыргызстандык режиссёр койгон Свердловск театрынын спектакли көрсөтүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0