00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Садыр аwа" деп эле жазалы. Депутат Осмонов алфавитти өзгөртүүнү сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Жазылуу
Эл өкүлү жазуучулар кыйналып жатканын айтып, кошумча эки тамга киргизүү керектигин билдирди.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Садыр ава" дейинби же "аба" десем болобу? Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов тилчилерге кайрылып, алфавитти өзгөртүүнү сунуштады.
"Ава" деген сөз Ысык-Көл менен Баткенде көбүрөөк колдонулат. Мисалы, Садыр ава, Султанбай ава. Мен сүйлөгөндө "Садыр ава" деп кайрыла берем, эгер кат жазып калсам "урматтуу Садыр "ава" же "аба" деп жазамбы? Биз ушуга W (дабл ю) тамгасын киргизишибиз керек. Оюңуздар кандай? "Дава" деген да сөз бар. Китеп жазгандар дагы ушундан кыйналышат", — деди Осмонов.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова бул кыргыздын төл сөзү экенин айтты.
"Бул илгертен "обо" сөзүнөн пир туткан, улуу дегенден келип чыккан. Бардык дубанда эле "ава" деп колдонулат, бирок жазылышында маселе бар. "Ава" деп эле айта берген туура, жазылышы "аба" болот", — деди Орозобекова.
Бирок депутат "аба" деп жазганда "воздух" дегендей болуп калып жатат деп нааразы болду.
"Жок, "б" менен эле жазылат, айтылганда "ава" деп боштук менен айтылат", — деп жооп берди Орозобекова.
Аны менен катар Осмонов "А" тамгасына үндөш дагы бир тамга киргизүү керектигин айтты.
"У-ү, о-ө, с-з, к-г деген тамгалар бар, бирок "а" тамгасында "а(э)" жок. Чынында муну көп колдонушат, мисалы, "Жусуп ка(э)л" деп айтат да жазганда "кал" болуп атпайбы. Мындай тамга Казакстанда бар", — деди депутат.
Мындан улам Осмонов алфавитке жогорудагы эки тамганы кошууну сунуштады.
Орозобекова ал маселени талкуулап көрүшөрүн айтты. Ал эми Тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев алдыда алфавиттик реформа боло турганын, ошондо караларын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
"Куш" же "кош"? Депутат конокту кантип туура тосуп алуу керектигин сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0