Ысык-Көлдү космостон сүрөткө тарткан космонавт Корсаков Жапаров менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЫсык-Көлдү космостон сүрөткө тарткан космонавт Жапаров менен жолукту
Ысык-Көлдү космостон сүрөткө тарткан космонавт Жапаров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Жолугушуунун соңунда Жапаров Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Космонавт Бишкекке Россиянын илим жана маданият борбору (Русский дом) менен калаа мэриясынын “Жылдыздарга жол Бишкектен башталат” аттуу фестивалга чакыруусу менен келген.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-апрель, Эл аралык космонавтика күнү. Мамлекет башчы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы менен куттуктады.
Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин белгиледи.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолукту

Садыр Жапаров россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/5

Садыр Жапаров россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-апрель, Эл аралык космонавтика күнү. Мамлекет башчы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-апрель, Эл аралык космонавтика күнү. Мамлекет башчы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы менен куттуктады. - Sputnik Кыргызстан
2/5

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-апрель, Эл аралык космонавтика күнү. Мамлекет башчы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы менен куттуктады.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин белгиледи

Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/5

Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ал эми космонавт Корсаков президентке ыраазычылык билдирип, туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу ал үчүн чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи

Ал эми космонавт Корсаков президентке ыраазычылык билдирип, туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу ал үчүн чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
4/5

Ал эми космонавт Корсаков президентке ыраазычылык билдирип, туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу ал үчүн чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Корсаков президентке 2022-жылдын 18-мартында "Союз МС-21" космостук кемеси менен алып келинген, эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды

Корсаков президентке 2022-жылдын 18-мартында "Союз МС-21" космостук кемеси менен алып келинген, эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды - Sputnik Кыргызстан
5/5

Корсаков президентке 2022-жылдын 18-мартында "Союз МС-21" космостук кемеси менен алып келинген, эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды

1/5

Садыр Жапаров россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолукту

2/5

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-апрель, Эл аралык космонавтика күнү. Мамлекет башчы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы менен куттуктады.

3/5

Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин белгиледи

4/5

Ал эми космонавт Корсаков президентке ыраазычылык билдирип, туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу ал үчүн чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи

5/5

Корсаков президентке 2022-жылдын 18-мартында "Союз МС-21" космостук кемеси менен алып келинген, эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды

"Азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм", — деди Жапаров.
Ал эми космонавт Корсаков президентке ыраазычылык билдирип, туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу ал үчүн чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи.
"Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган", — деди космонавт.
Ал эл аралык космос станциясынын бортундагы чектөөлөргө карабастан Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.
Корсаков президентке 2022-жылдын 18-мартында "Союз МС-21" космостук кемеси менен алып келинген, эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырды.
Жолугушуунун соңунда Жапаров Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды. Ал ошондой эле космонавтка ийгилик каалап, эстеликке белек берди.
Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында "Союз МС-21" космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.
Озеро Иссык-Куль с космоса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Пресс-борбор
Корсаков: космостон көп эле жерди көрдүм, бирок Ысык-Көл жүрөккө жакын сезилет
Жаңылыктар түрмөгү
0