https://sputnik.kg/20230412/astanada-mitingge-chykkan-munajchylar-koe-berildi-1074362752.html
Астанада түндө митингге чыгып кармалган мунайчылар коё берилди
Астанада түндө митингге чыгып кармалган мунайчылар коё берилди
Sputnik Кыргызстан
Жанаозендин борбордук аянтында мунайчылардын кармалышына нааразы болгон тургундар чогулган. Эртең менен акцияга чыккандар бошотулганы белгилүү болду. 12.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-12T10:31+0600
2023-04-12T10:31+0600
2023-04-12T10:32+0600
казакстан
астана
мунай
компания
жумушчу
митинг
полиция
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0c/1074361277_0:125:1378:900_1920x0_80_0_0_6ba832283606ddcb7b7678c425622402.png
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Астанада митинг уюштурган Жанаозендин жумушчуларынын баары бошотулуп, бүгүн үйүнө кайта турганын демилгелүү топтун өкүлү билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстандын маалыматында айтылат.Бирок борбор калаада "КазМунайГаз" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10 жумушчу калат. Алар ишке орношуу боюнча маселени аягына чыгармакчы.Анткен менен Sputnik Казакстан Жанаозенде абал тынч эмес экенин жазууда. Эртең менен тургундар жолду тосуп алышкан, андан соң аларды кармап кетишкен. Полиция бөлүмгө алып келинген пикетчилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын айтты.Эскерте кетсек, 11-апрель күнү Астананын аянтында акция уюштурган мунайчыларды уруксатсыз митинг өткөргөнү үчүн укук коргоо органдары кармап кеткен. Аны уккан Жанаозендин жашоочулары акимиаттын алдына чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.Митингдин себебиЖанаозенден жумушчулар дүйшөмбү күнү келип, Энергетика министрлигинин алдында түнөшкөн. Алар — мурдараак "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын туундуу фирмасынын мунай кызматтарын аткаруу тендеринен утулуп калган "БерАли Мангистау Company" уюмунун мурдагы жумушчулары. Алгач тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, кийинчерээк "Озенмунайгаз" акционердик коомуна ишке орноштуруу боюнча ультиматум коюшкан.
https://sputnik.kg/20230403/bishkek-miting-tyyuu-uzartyldy-1074107437.html
казакстан
астана
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0c/1074361277_102:0:1302:900_1920x0_80_0_0_aed276d3d5140d61d0d3960807487fee.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
казакстан, астана, мунай, компания, жумушчу, митинг, полиция
казакстан, астана, мунай, компания, жумушчу, митинг, полиция
Астанада түндө митингге чыгып кармалган мунайчылар коё берилди
10:31 12.04.2023 (Жаңыртылды: 10:32 12.04.2023) Жанаозендин борбордук аянтында мунайчылардын кармалышына нааразы болгон тургундар чогулган. Эртең менен акцияга чыккандар бошотулганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Астанада митинг уюштурган Жанаозендин жумушчуларынын баары бошотулуп, бүгүн үйүнө кайта турганын демилгелүү топтун өкүлү билдирди. Бул тууралуу
Sputnik Казакстандын маалыматында айтылат.
Бирок борбор калаада "КазМунайГаз" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10 жумушчу калат. Алар ишке орношуу боюнча маселени аягына чыгармакчы.
Анткен менен Sputnik Казакстан Жанаозенде абал тынч эмес экенин жазууда. Эртең менен тургундар жолду тосуп алышкан, андан соң аларды кармап кетишкен. Полиция бөлүмгө алып келинген пикетчилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын айтты.
Эскерте кетсек, 11-апрель күнү Астананын аянтында акция уюштурган мунайчыларды уруксатсыз митинг өткөргөнү үчүн укук коргоо органдары
кармап кеткен. Аны уккан Жанаозендин жашоочулары акимиаттын алдына чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.
Жанаозенден жумушчулар дүйшөмбү күнү келип, Энергетика министрлигинин алдында түнөшкөн. Алар — мурдараак "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын туундуу фирмасынын мунай кызматтарын аткаруу тендеринен утулуп калган "БерАли Мангистау Company" уюмунун мурдагы жумушчулары. Алгач тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, кийинчерээк "Озенмунайгаз" акционердик коомуна ишке орноштуруу боюнча ультиматум коюшкан.