Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды

© Sputnik / Владислав НогайБишкектеги Эркиндик бульварындагы митингдин катышуучулары. Архив
Бишкектеги Эркиндик бульварындагы митингдин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
Жазылуу
Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Мурдагы чектөө 1-апрелге чейин киргизилген болчу. Анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынган.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
"Ала-Тоо" аянты;
Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында;
Панфилов паркында;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку Соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
УКМК имаратынын жанында.
Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Иманалиев: митинг, чогулуштарга мугалимдерди алып барууга тыюу салыш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0