Кыргызстандык абитуриенттерди МГИМОго кабыл алуу башталды

© Фото / официальный сайт МГИМОМГИМО студенттери сабак учурунда. Архив
МГИМО студенттери сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
Ар кайсы багыттар боюнча жалпысынан тогуз орун берилген.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (университетине) 2023-2024-окуу жылына бакалавриат, магистратура жана аспирантура программаларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул туурасында КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Конкурстук тандоого 11-апрелден 20-майга чейин Кыргызстандын жарандары катышат алат. Ага талапкерлер КР ТИМи тарабынан сунушталып, бул жогорку окуу жайынын эрежелерине ылайык онлайн форматында орус жана чет тили боюнча тестирлөөдөн өтүшөт. Сынакка катышуу үчүн Дипломатиялык академиянын сайтына www.dipacademy.kg кирип, онлайн-каттоодон өтүү зарыл. Документтер офлайн-форматта тапшырылат.
Бакалавриат боюнча факультеттер жана квоталардын саны:
Эл аралык мамилелер — 2;
Эл аралык экономикалык мамилелер — 2;
Эл аралык-укуктук факультет — 2.
Магистратура:
Эл аралык мамилелер — 1;
Юриспруденция — 1.
Аспирантура:
Саясий илимдер жана регион таануу — 1.
Абитуриенттерди тандоо эрежеси менен ТИМдин www.mfa.gov.kg жана Дипломатиялык академиянын www.dipacademy.kg сайттары аркылуу таанышууга болот.
Байланыш номерлери: 0312 66 14 21, 0312 66 01 85;
ГИТИС студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Пресс-борбор
ГИТИС атайын курска Кыргызстандан студенттерди кабыл алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0