Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Польшада Зеленскийдин Варшавага жасалчу жашыруун сапары тууралуу айтышты

© AP Photo / Efrem LukatskyУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
Скшипчак Батыштын Украинадагы чатактан чарчап бүткөнү абалды жөндөөгө көмөкчү болорун белгилеген.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Украина президенти Россия менен сүйлөшүүлөргө даярданыш үчүн Варшавага келет. Бул тууралуу Польшанын кургактагы аскерлеринин мурдагы жетекчиси генерал Вальдемар Скшипчактын Rzecz pospolita басылмасына берген маегине таянып РИА Новости жазды.
Анын пикиринде, украин кризисинде "стратегиялык туюктук" калыптанды жана бардык нерселер, багыттар чыр-чатакты токтотууга туура келе турган учурдун "саясий жол" менен аякташына жакындап калганын көрсөтүп турат.
Скшипчак жакынкы аралыкта Москва менен Киевдин мунасага келишине жасалган аракетти күтүүгө болорун айткан.
"Зеленскийдин пикиринде, Варшавага поезд менен түндө баруу жашыруун кылынган иш эмес, ал Украина президентинин Польшанын лидерине жасалган расмий сапары экени маанилүү. Бул — мындай маанайда жасала турган кадамдардын алгачкысы. Зеленскийге айланасына саясий колдоо көрсөтө турган атмосфераны түзүшү керек болуп турат. Ага аскердик жардам берилүүдө, бирок чатактын аягы көрүнүп калган учурда, менимче, эми ага саясий колдоо зарыл", — деген польшалык генерал.
Скшипчак муну менен катар эле Батыштын Украинадагы чатактан чарчап бүткөнү абалды жөндөөгө көмөкчү болорун белгилеген. Мурдараак Зеленскийдин 5-апрелде Варшавага барары кабарланган эле.
Москва сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдирген, бирок Киев мыйзам менен ага тыюу салган. Батыш өлкөлөрү Украина согуш талаасында Россияны жеңиш керек деп айтып келет жана Киев бийлигине курал-жарак, ок-дары берүүнү токтоткон жок. Кремль аскердик жардам эч нерсени чечпей тургандыгын эскертип, болгону украин элинин азабы арта берерин белгилеген.
Аткаминер жана аскерлер НАТОнун логотиби жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Украинада керемет болуп кетет деп ишенип тургандай... Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0