00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министр айрым ооруканалардын жетекчилерин иштен кетирерин айтып зекиди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевСаламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
Буга чейин президент медициналык мекемелерди кыдырып, дары-дармектин жетишсиздиги үчүн сынга алган.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жума сайын өтчү жыйында айрым медициналык уюмдардын жетекчилерин эмгек келишимдерин узартпай турганын айтып зекиди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ, ФОМС) билдирди.
Маалыматта кайсы ооруканалар тууралуу сөз болгону так айтылган эмес. Бирок өткөн ишемби күнү президент Садыр Жапаров бир катар медициналык мекемелерди күтүүсүз кыдырып, жок дары-дармек үчүн министрликти сынга алган.
Өлкө башчы Онкология жана гематология улуттук борборунда, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда, Фтизиатрия улуттук борборунда бейтаптардын ата-энелеринен жана туугандарынан дары үчүн акча талап кылбоону тапшырган.
"Ушундай алешемдиктер катталып жатканда, улуттук борборлордун жетекчилери, өзүңөрдү кантип саламаттык сактоо тармагынын флагманы деп эсептейсиңер?" — деп нааразы болду министр.
Анын айтымында, менеджменттин начардыгынан, муктаждыктар жакшы талданбагандыктан ооруканаларда тендерлер өз убагында өтпөй жатат. Министр буга ММКФ каражатты өз убагында бөлүп келерин белгилеген.
"Бейтаптар керектүү нерселерди өз акчасына алууга аргасыз, мындай болбошу керек. Фармакологиялык компаниялар тендерге катышуудан баш тартып жатканын айтып нааразысыздар, башка мекемелерде ушул эле дары каражаттары запасы менен турганын кантип түшүндүрөсүңөр? Башкаруучулук жөндөмүңөр начар. Кадрлар резервине жазылгыла", — деди Баатырова.
Министр орун басарларына ишти активдештирүүнү, дарылоочу жайлардын ишин көзөмөлгө алып, республика боюнча түзүлгөн кырдаал туурасында жума сайын отчёт берип турууну тапшырды.
Тендерлерди жокко чыгаруунун жана фармкомпаниялардын ага катышуудан баш тарткан себебин аныктоо үчүн министрликтин башкармалыктары текшерүү жүргүзмөй болду.
Мындан тышкары, Баатырова облустагы координаторлорду "кабинетте отура бербей райондорго чыгып, ооруканаларга барып, маселе болсо жеринде чечип турууга" милдеттендирди.
"Кыргызфармация түзүлдү. Бир жуманын ичинде керектүү дары-дармек жана медициналык каражаттарды алууга заявка берүүгө чакырам", — деди министр.
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
ММКФ: өтө маанилүү дарылар бардык бейтаптарга берилиши керек
Жаңылыктар түрмөгү
0