Кыргызстанда уйлар көп сүт бере баштады. Көрсөткүч

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Жазылуу
Орто эсеп менен алганда өлкөдө ар бир уй жылына 2 тонна сүт берет.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда уйлардын сүт берүү көрсөткүчү соңку 10 жылдыктагы рекордду жаратты. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Тагыраак айтканда, 2022-жылы орто эсеп менен алганда бир уй 2 тонна 14 килограмм сүт берген (Статком литр менен эмес, килограмм менен эсептейт).
Эгер соңку жылдарга салыштырып көрө турган болсо, мындай көрсөткүч 2012-жылы катталган болчу. Анда бир уйдан 2 тонна 23 килограмм сүт саап алышкан.
Жылдар боюнча маалымат:
2012 — 2 023 кг;
2013 — 2 013 кг;
2014 — 2009 кг;
2015 — 1998 кг;
2016 — 1978 кг;
2017 — 1984 к;
2018 — 1987 кг;
2019 — 2002 кг;
2020 — 2006 кг;
2021 — 2009 кг;
2022 — 2014 кг.
Статкомдун ачык маалыматында эң жогорку көрсөткүч 1990-жылы болуп, бир саан уйдан 3 070 килограмм сүт алынганы айтылган. Эң төмөнкү көлөм 1994-жылы байкалып 1,8 тонна болгон.
Супермаркетте азык-түлүк салынган тележка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Кыргызстандагы керектөө товарларынын баалары канчага өстү. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0