Шерменде кылып жатат. Нарматова саясатчылардын декларациясын ачыктагандарды сындады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова. Архивное фото
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
Жазылуу
Эл өкүлү декларациянын ачыкталышын кызматкерлердин жеке жашоосуна, абийирине шек келтирүү катары сыпаттады.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Журналисттер жана блогерлер депутаттар менен аткаминерлердин мал-мүлкү тууралуу декларациясын көрүп алып, маскарасын чыгарып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.
"Өмүр бою ак мээнети менен иштеп тапканын деле блогер, журналисттер "ушундай мүлкү бар экен" деп маскарасын чыгарып, жаманатты кылып жазып жатышпайбы. Декларациядан көрүп алышып саясатчыларды, аткаминерлерди бир кылмыш кылып койгондой жазып жатышат. Азыр биз бул мыйзамды колдой турган болсок блогер, журналисттер алардын аркасынан чукулай албай калабы? Каяктан алдың, уурдадың дей албайбы ошондо?" — деп сурады депутат.
Ага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев чукулай албастыгын, андай суроолор жок болорун айтты.
"Биздин ушундай чукумай, аңдымайлар... Декларациясын ашкере кылып, адамдардын жеке жашоосуна, абийирине шек келтирген учурлар көп болуп жатат да. Бизде чукуламайлар көп болгону үчүн 30 жылда чыккан жаңы байларыбыз тапкан каражатын сыртка алып чыгып кеткенге аракет кылып жатышат. Дүйнөнүн төрт бурчунан, Европага чейин барып үй-мүлк сатып алып, ишканаларды ачып, бизнесин көчүрүп кетүүдө. Мамлекеттик органдар текшерет, ошол эле учурда биз бири-бирибизди чукулап ырахаттанабыз. Бирөөнүн абийирин кетирсе өмүрлөрү узарат. Биз декларация толтурганда миллиардерлер жашырып томояк атка конуп жатат, ошол эле учурда мыйзамды сыйлап көрсөтүп койгон адамдардын шермендесин чыгарып, өлтүрүп жатасыңар. 30-40 жылда балдары менен чогулткан мүлкүн каяктан таптың, уурдап алдың деп", — деп нааразы болду Нарматова.
Бүгүн ЖКнын бюджет жана экономика комитетинде жарандар болгон мал-мүлкүн ачыктаса, аны каяктан алганын текшербөөгө кепилдик берген мыйзам долбоору каралды.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Бейөкмөт уюмдар ар бир ишине отчет берет. Нарматова мыйзам долбоорун сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0