Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ нацисттик идеологиянын кайтып жатканына тынчсызданганын БУУга билдирди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы штаб-квартирасы. Архив
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Жазылуу
Сукачёва расизм, расага бөлүп басмырлоо, ксенофобия менен күрөшүү Россиянын укук коргоо жаатындагы иштеринин ана башында турарын белгилеген.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Дүйнөдөгү азыркы кырдаал нацисттик идеология менен күрөш жүргүзүү канчалык актуалдуу жана маанилүү экендигин көрсөтүп жатат, жагдай Россия үчүн да көз жаздымда калбаган маселе. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясында россиялык делегациянын төрайымы Кристина Сукачёва билдиргенин РИА Новости жазды.
"Көп мамлекеттердин Улуу Ата мекендик согуштун жыйынтыгын объективдүү карап, БУУнун согуштун азаптарын кайталоонун, кылмыштуу идеологиянын жаралышын, нацизмди практикалоонун алдын алуу боюнча негиз салган принциптеринин маанилүүлүгүн түшүнгөнү кубантарлык көрүнүш. Азыркы кырдаал бул демилгенин Россия жана биздин пикирлештерибиз үчүн актуалдуулугун, маанилүүлүгүн ачык далилдеп турат", — деген ал.
Сукачёва расизм, расага бөлүп басмырлоо, ксенофобия жана ага байланышуу адам көтөрө алгыс нерселер менен күрөшүү Россиянын укук коргоо жаатындагы иштеринин ана башында турарын белгилеген.
"Ал күндөн бери дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө күбө болдук, бирок расалык басмырлоо жана ага байланыштуу адам чыдабай турган нерселер эч жакка жок болуп кеткен жок. Бул көйгөй бир катар мамлекеттердин алардын бетине чиркөө болгон колониалдык тарыхына тамырлап калган", — деген дипломат.
Ал эл аралык коомчулуктун бул тарыхый адилетсиздикти оңдоо аракетинен "азыркыга чейин майнап чыкпагандыгына" кейигенин айткан.
Буга чейин РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Россия Европа өлкөлөрү нацизмдин кучагында калып баратканын белгилеген.
2022-жылдын ноябрында БУУнун Генералдык Ассамблеясы "Нацизмди баатырдык катары көрсөтүү, неонацизм жана анын расизмдин азыркы формасын эскалация кылуусу, расалык басмырлоого алып келиши, ксенофобия жана анын адам чыдабай турган түрлөрү менен күрөшүү" боюнча резолюция долбоорун кабыл алган. Ага жыл сайын добуш берилет. Быйыл 106 мамлекет добуш берген, анын ичинде Израиль да бар. Бирок колдобой тургандардын катарында АКШ, Украина (соңку жылдардай болуп) эле эмес, бул жылы Германия, Британия, Франция, Япония, Италия, Грузия да кошулду. Андан сырткары, Балтика боюндагы өлкөлөр, Венгрия да болду. Каршы добушун бергендер өздөрүнүн позициясын Россия неонацизмге каршы күрөш темасын Украинадагы атайын операциясында колдонуп жатат деген нерселерди бетке кармап, коргоого аракет кылышкан.
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Путин неонацизм менен расизмдин жайылышына катаал чара көрүүгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0