https://sputnik.kg/20230328/osh-socialdyk-dukondor-izhara-berilet-1073939436.html
Ошто социалдык дүкөндөр ижарага берилет. Мэрия конкурс жарыялады
Ошто социалдык дүкөндөр ижарага берилет. Мэрия конкурс жарыялады
Sputnik Кыргызстан
Социалдык маанидеги товарларды сата турган күркөлөр жети жерде жайгашкан. 28.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-28T08:54+0600
2023-03-28T08:54+0600
2023-03-28T08:54+0600
кыргызстан
ош
мэрия
дүкөн
ижара
конкурс
https://sputnik.kg/img/07e7/03/1b/1073945850_23:0:1545:856_1920x0_80_0_0_68a48818ed141fac8177afbfe68e20f8.jpg
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы социалдык дүкөн ачууну каалаган ишкерлерди жеңилдетилген ижара шартында иштетүү үчүн конкурска катышууга чакырат.Аталган дүкөндөр курулуп бүткөн, ижара акысы айына — болгону 2 700 сом.Алар төмөнкү даректерде жайгашкан:Социалдык дүкөндөрдө сатууга сунушталган социалдык маанидеги азык-түлүк товарлары:Талаптар:Конкурска катышууну каалаган жарандар мэриянын экономика жана финансы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Умида Шамшиевага 4-апрелге чейин кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0774605905 (WhatsApp), 0559 605905.
https://sputnik.kg/20230322/kyrgyzstandyn-dukondorundogu-tovardyn-40-y-rossiyadan-chykkan-1073792208.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/1b/1073945850_213:0:1354:856_1920x0_80_0_0_4ecdd158157212019b0846754cf63f6c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, мэрия, дүкөн, ижара, конкурс
кыргызстан, ош, мэрия, дүкөн, ижара, конкурс
Ошто социалдык дүкөндөр ижарага берилет. Мэрия конкурс жарыялады
Социалдык маанидеги товарларды сата турган күркөлөр жети жерде жайгашкан.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы социалдык дүкөн ачууну каалаган ишкерлерди жеңилдетилген ижара шартында иштетүү үчүн конкурска катышууга чакырат.
Аталган дүкөндөр курулуп бүткөн, ижара акысы айына — болгону 2 700 сом.
Алар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Рыспай Абдыкадыров көчөсү, 143;
Мамыров көчөсү (болжол менен "Фархад" чайканасы);
Кулатов кичи району, Ак-Ниет сквери;
Төлөнөв көчөсү (болжол боюнча Токтогул Сатылганов мектеби);
Манас-Ата кичи району (болжол боюнча Манас-Ата мечити);
Туран кичи району (Дача участогу);
Кеңеш айылы (Ош — Араван жолунун бою).
Социалдык дүкөндөрдө сатууга сунушталган социалдык маанидеги азык-түлүк товарлары:
социалдык маанидеги товарларды статистикалык орточо баадан (5-10 пайызга чейин) төмөн кылып, Ош мэриясы жана Монополияга каршы саясат агенттиги менен макулдашып сатуу;
азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз камсыздоо;
тейлөө деңгээлин жогорулатуу жана сапаттуу продукция менен камсыздоо.
Конкурска катышууну каалаган жарандар мэриянын экономика жана финансы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Умида Шамшиевага 4-апрелге чейин кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0774605905 (WhatsApp), 0559 605905.

22 Жалган Куран 2023, 14:25