Москва — 2023. Эки үлкөндүн жолугушуусунан кийинки ойлор

© Sputnik / Павел Быркин / Медиабанкка өтүүКытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен РФ президенти Владимир Путиндин кезигиши
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен РФ президенти Владимир Путиндин кезигиши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Жылдын башкы дипломатиялык окуяларынын бири — Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен РФ президенти Владимир Путиндин кезигиши. Аталган мамлекеттин башчысынын Россияга жасаган бул жолку сапары үч күнгө созулду.
Кытай жана РФ лидерлеринин баарлашуусунун чоо-жайы ушул тапта кызуу талкууда. Андай талкуулар дагы узакка уланарын боолголойт Давид Нармания. Серепчинин учкай ой толгоосун РИА Новости сайты жарыялаган.
Кайсы бир мааниде бул аптада Москва эки эрктүү киши кезиккенин, Россия да, Кытай да азыркы дүйнө түзүмүнө чакырык таштап турганын айтууга болот. Күнү бүтүп бараткан тартипке альтернативаны – дүйнөлүк коомчулук кандай уюштурулууга тийиш экенин көзгө сайып көрсөтүп жатышкан өңдүү.
Албетте, мындай кадамдар дүйнөгө үстөмдүк кылууга кынык алгандарга — АКШ менен анын европалык союздаштарына жакпасы түшүнүктүү. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнө жолтоо кылып, жаңылыктар түрмөгүнөн бул сапар тууралуу кабарларды эптеп сүрүп чыгарууга тырышкандарычы?! Адегенде россиялык президентти балдарды уурдоого айыптап чыгышты. Чындыгында ал балдар ок жаап жаткан жерден коопсуз жайга көчүрүлгөн. Югославия, Ирак, Ливия, Сирияда (тизмени уланта берүүгө болот) кимдир бирөөнү гумандуулугу жетишсиз деп күнөөлөсө жарашат. Батыш өлүмгө түртүп ташта кете берчү балдарды Россия аман алып калууга жан үрөйт.
Анткен менен андай жосунсуз жоруктардын баары Си Цзиньпиндин сапарына тоскоол боло албады. Эл аралык сотту Кытай да, Россия да, ал тургай АКШнын өзү да тоготпойт. Ошондо андан да бир кызык кадамга барышты. Киевге жарыяланбаган сапары менен япониялык премьер Фумио Кисида келбеспи. Чыгыштан келген бир мейман менен экинчисин салмактоого жасалган аракет дегеле орунсуз болду. Анан да, Пекинге дагы бир америкалык желдет ага жанаша экенин ачык эле эскерткендей.
Эми мындан артык аракеттерге барбастыр деп турганда Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары Аннабель Голди Украина Куралдуу күчтөрүн акталган уран кошулган дүрмөттөр менен жабдый турганын билдирди. Кытайдын тынчтык демилгесине түз жооп кайтарылгандай эле көрүнүш болду. Башкача айтканда Батыш согушту самап тургандай элес калтырды. Баарынан да кызыгы, киевдик бийлик Си Цзиньпинге телефон чалууга тырышты.
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин Москвада жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин "чоң казаты". Ой толгоо
Ошентсе да булардын эч бири эки үлкөндүн жолугушуусуна жолтоо боло албады. Кытай лидери: "Азыр акыркы жүз жылда болбогон өзгөрүүлөр байкалууда. Бирге болсок ошол өзгөрүүлөрдү биз жүргүзөбүз", — деп таасын белгиледи.
"Москва-2023" — бул жаңы Тегеран конференциясы. Мында, албетте, кеп киевдик режим менен күрөш жөнүндө эмес, андан кыйла маанилүү Батыш менен болгон тиреш туурасында. Бара-бара буга катышуучулардын курамын кеңейтүүгө туура келет. Азырынча жеңишке дагы далай жолду басып өтүү керек, себеби баары Украина менен эле бүтүп калбасы анык. АКШ менен анын союздаштары реванш алууга аракет кылышы да толук ыктымал. Бул үчүн потенциалдуу жаңжал түйүндөрү жер жүзүндө аз эмес.
Анткен менен дүйнөнүн эски тартибинин сакчыларынын көйгөйлөрү улам көзгө урунууда. НАТОнун Украинада Россияга каршы тура албаганы, улам тереңдеп бараткан каатчылыктан кабар берген экономикалык көйгөйлөрү, айрым Батыш өлкөлөрүнүн тургундарынын ички нааразычылыгы байкалбай калган жок.
Батыштын тилегин таш капты. Россияны чөгөлөтүү үчүн экономикалык теориясы ишке ашкан жок. РФтин Кытай менен кызматташууну күчөтүшү да муну тастыктап турат. Эски дүйнө өзүнүн акыйкатсыздыгынын айынан кыйроодо. Узак жылдар бою Батыш ичинде демократиялык баалуулуктарды карманып, сыртка залимдикти жайылтты. Эркиндик тууралуу демилгени сатты, бирок анын куну башкалардын нагыз эркиндиги болду. Анын артынан Батышка зарыл нерсенин баары кетти. Андай шартка баш ийбегендерди НАТОнун бомбалоосу күттү.
Жаңы дүйнө үчүн дагы далай оор күрөштөрдү жүргүзүүгө туура келет. Дүйнө түзүмүнүн адилеттүүлүгүн эңсесек жаңы тартип орногон күндө да кара күчкө эле эмес, кызыкчылыктарды тең салмактай билүү жөндөмүнө таянуу абзел. Ошондо гана анын туруктуулугу камсыздалат. Алдыда кандай чакырыктар болбосун каршы туруудан тайманбоо – жогоруда белгиленген эрктүүлүктүн өзү.
Россия презенденти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Путин менен Си Цзиньпиндин биргелешкен билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0