Келе жаткан жумага карата Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаары. Архивдик сүрөт
Ош шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 12-13-мартта 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
12-13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
13-мартта күндүз, 14-16-мартта жана 17-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
17-18-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта жана 13-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жаз келди! Март айында аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0