Автоунааны жазга кантип даярдайбыз? Эксперттин кеңеши

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТейлөө борборунун кызматкери унааны текшерүүдө. Архив
Тейлөө борборунун кызматкери унааны текшерүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
Адис жазда айдоочулар кышка караганда ылдамдыкты көбөйтөрүн эске алып, унаанын абалын талаптагыдай кылууга чакырган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыштан кийин унааны жазга карата даярдап алуу керек деген россиялык автоэксперт Павел Константинов "Прайм" басылмасына анын жол-жобосун айтып берди.
Адис кыш мезгилинен кийин автоунааны атайын оңдоочу жайларга алып барып, аны көтөрүп, астындагы шаймандарды көзөмөлдөн өткөрүү оң деп эсептейт. Өзгөчө тормоздук механизмдерге көңүл буруу зарыл.
"Жайкысын кыштагыга караганда ылдамдык катуураак болот. Кышы менен жүргөн унаанын деталдарына кум, туз, айтор, муздан коргоочу нерселер, ылай толуп калышы мүмкүн. Айдаганда жолтоо болбошу үчүн мунун баарын тазалап алуу керек, жараксыз шаймандарды алмаштыруу кажет. Унаанын тормозу талаптагыдай иштеши шарт", — деген Константинов.
Адис кыймылдаткыч жакшы жана көпкө кызмат кылсын десеңиз анын майын алмаштырып, фильтрлөөнү сунуштайт. Ошол эле учурда автокөлүктүн рулунун абалын да эстен чыгарбоо зарыл.
"Март айында көбү унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштыра башташат. Дөңгөлөктөрдү орнотуудан мурун дисктин абалына көз жүгүртүп, кыйшайган, урулган жерлер болсо түздөп, оңдоп алуу менен автокөлүктүн кырсыкташын алдын алууга болот", — деди адис.
Бишкектин кире беришинде милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Көңүл буруңуз! Бүгүндөн тарта эреже бузгандардын айып пулу көбөйтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0