00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлдү мыйзамсыз торлордон арылтуу аракети – Суучулдар жайы-кышы дебей иш үстүндө
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Первый посол КР при ООН: в советской школе дипломатии нас учили слушать, писать, анализировать и правильно молчать
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуу Жеңиштин сырлары: тарых музейиндеги экспонаттар эмнени баяндайт
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Депозит за квартиру: размер, условия возврата и типичные споры - объясняет юрист
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Особый акцент
Депозит за квартиру: размер, условия возврата и типичные споры - объясняет юрист
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров эки акимди иштен алып, бир топ район башчылары менен мэрлерге сөгүш жарыялады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жазылуу
Акимдер менен мэрлер ишин жакшы алып кете албагандыгы жана жетекчилик кызматтагы кетирген кемчиликтери үчүн кызматынан кетип, сөгүш алышкан.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бир акимдерге жана шаар мэрлерине сөгүш жарыялап, бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Бул чечим аткаминерлердин ишиндеги калпыстыктар — социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине, төмөн баа алган жетекчилердин катарына киргендигине байланыштуу чыккан. Буга Жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы да себепкер болгон, тагыраагы, аталган комиссия жетекчилердин ишиндеги кемчиликтерди көрсөткөн. Облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлеринин 2022-жылга аткарылган иштери жөнүндө отчётторун кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын чечими да оң болгон эмес.
Мындан улам Жапаров төмөнкү чечимдерди кабыл алган:
Матанбаев Жамшит Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматынан бошотулду;
Анаркулов Бактибек Кочкорович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматынан бошотулду.
Ошондой эле сөгүш алгандар:
Жумаев Алайбек Мусаевич — Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
Бектемиров Келсинбек Базаркулович — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри;
Самаев Урматбек Обозбекович — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри.
Мындан тышкары, эскертүү алгандар:
Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович — Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
Ногоев Турусбек Молдобекович — Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
Тагаев Мураталы Абдыкарович — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими;
Жээнбеков Досмамбет Аматович — Талас облусундагы Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык төмөндөгүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:
Абдыгулов Бактыбек Нурбекович — Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин биринчи орун басары;
Баялиева Зина Кадыркуловна — Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары;
Сатаров Данияр Сатарович — Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин биринчи орун басары;
Султангазиева Гүлжамал Абалиевна — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Жапаров Маммүлк менен Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчилерин иштен алды
Жаңылыктар түрмөгү
0