https://sputnik.kg/20230304/shevchenkonun-grasso-menen-karmashyn-kaydan-koruugo-bolot-1073327836.html
Шевченконун Грассо менен кармашын кайдан көрүүгө болот? Сайттар, каналдар
Шевченконун Грассо менен кармашын кайдан көрүүгө болот? Сайттар, каналдар
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан мушкер кыздар Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун беттешин түз эфирде кайдан көрүүгө болорун тизмектеп берет. 04.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-04T21:08+0600
2023-03-04T21:08+0600
2023-03-04T21:18+0600
акш
лас-вегас
валентина шевченко
ufc
беттеш
алекса грассо
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1a/1054026559_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_84fe740ec8f5214894c456e7d0f47c77.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү, 5-мартта, жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргомокчу. Бул UFC боюнча спортчу-аялдардын ичинен уникалдуу көрүнүш.Бул сапар кыргызстандык спортчу кыз мексикалык Алекса Грассо менен беттешет. Ал мушкер аталган салмак категориясындагы рейтингде алтынчы позицияны ээлеп турат.Өткөн жылы ал октябрда спортчу Вивиан Араужуну жеңген.Турнир кайда өтөт?UFC 285 турнири Лас-Вегаста T-Mobile аренасында өтөт. Бул сапар башкы кармаш америкалык Жон Жонс менен француз Сирил Гандын ортосунда болору айтылды.Ал эми Шевченко менен Грассонун кармашы турнирдин экинчи, маанилүү таймашы болуп калмакчы.Жалпы беттеш болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 5:00дө башталып, саат 8:00гө чейин уланмакчы. Ал эми Шевченко менен Грассонун кармашы болжолдуу түрдө саат 10:00 жана 10:30дун ортосунда болот.UFC Fight Pass сайтында бардык турнирлерди түз алып көрсөтөт. Кыргызстандыктардын ичинен катталып жазылгандар гана көрө алышат. Акы төлөгөн платформалар — More.TV жана Wink беттешти алып берет.Ал эми бекер "Матч ТВ" жана "Матч! Боец" телеканалдарынан көрүүгө болот. Биринчисинде саат 9:00дө, экинчи каналдан бардык беттешти түз алып берүү саат 4:30да башталат.Түз алып берүү мүмкүнчүлүгү булардан сырткары Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) каналында да бар.
https://sputnik.kg/20230215/ufc-shevchenkonun-aldydagy-betteshine-arnap-trejler-chygardy-1072885017.html
акш
лас-вегас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1a/1054026559_147:0:2878:2048_1920x0_80_0_0_6e0a3c3d51d3cf165f163c4ec7038517.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акш, лас-вегас, валентина шевченко, ufc, беттеш, алекса грассо
акш, лас-вегас, валентина шевченко, ufc, беттеш, алекса грассо
Шевченконун Грассо менен кармашын кайдан көрүүгө болот? Сайттар, каналдар
21:08 04.03.2023 (Жаңыртылды: 21:18 04.03.2023) Sputnik Кыргызстан мушкер кыздар Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун беттешин түз эфирде кайдан көрүүгө болорун тизмектеп берет.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү, 5-мартта, жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргомокчу. Бул UFC боюнча спортчу-аялдардын ичинен уникалдуу көрүнүш.
Бул сапар кыргызстандык спортчу кыз мексикалык Алекса Грассо менен беттешет. Ал мушкер аталган салмак категориясындагы рейтингде алтынчы позицияны ээлеп турат.
Өткөн жылы ал октябрда спортчу Вивиан Араужуну жеңген.
UFC 285 турнири Лас-Вегаста T-Mobile аренасында өтөт. Бул сапар башкы кармаш америкалык Жон Жонс менен француз Сирил Гандын ортосунда болору айтылды.
Ал эми Шевченко менен Грассонун кармашы турнирдин экинчи, маанилүү таймашы болуп калмакчы.
Жалпы беттеш болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 5:00дө башталып, саат 8:00гө чейин уланмакчы. Ал эми Шевченко менен Грассонун кармашы болжолдуу түрдө саат 10:00 жана 10:30дун ортосунда болот.
UFC Fight Pass сайтында бардык турнирлерди түз алып көрсөтөт. Кыргызстандыктардын ичинен катталып жазылгандар гана көрө алышат. Акы төлөгөн платформалар — More.TV жана Wink беттешти алып берет.
Ал эми бекер "Матч ТВ" жана "Матч! Боец" телеканалдарынан көрүүгө болот. Биринчисинде саат 9:00дө, экинчи каналдан бардык беттешти түз алып берүү саат 4:30да башталат.
Түз алып берүү мүмкүнчүлүгү булардан сырткары Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) каналында да бар.

15 Бирдин айы 2023, 10:22