Садыр Жапаров сот тутумундагыларды куттуктап, андагы кемчиликтерге да токтолду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы сот иштеринде мурдагыдай эле катачылыктар, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары болуп жатканын айтты.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Айрым судьялар көнгөн адаттарын койбой, өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин жосундарынын оордугуна көз жумуп, кылмыш аракеттерин бурмалоону, пара талап кылууну көнүмүш адатка айлантып, андай өнөкөттөрдөн арылбай жатканы абдан өкүндүрөт.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров сот тутумундагыларды куттуктап, андагы кемчиликтерге да токтолду

Жапаров сот тутумундагыларды куттуктап, андагы кемчиликтерге да токтолду - Sputnik Кыргызстан
1/5

Жапаров сот тутумундагыларды куттуктап, андагы кемчиликтерге да токтолду

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/5

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы сот реформасын толук кандуу ишке ашыруу үчүн судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу иштери абдан маанилүү экени айткан

Мамлекет башчы сот реформасын толук кандуу ишке ашыруу үчүн судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу иштери абдан маанилүү экени айткан - Sputnik Кыргызстан
3/5

Мамлекет башчы сот реформасын толук кандуу ишке ашыруу үчүн судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу иштери абдан маанилүү экени айткан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул багытта Жогорку Соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тиешелүү иштерди жүргүзүүсү кажет экенин белгилеген

Бул багытта Жогорку Соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тиешелүү иштерди жүргүзүүсү кажет экенин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
4/5

Бул багытта Жогорку Соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тиешелүү иштерди жүргүзүүсү кажет экенин белгилеген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен укук үстөмдүгүн камсыз кылууга, сот тутумун санариптештирүүгө, судьялардын, сот мекемелеринин аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканына токтолгон.

Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен укук үстөмдүгүн камсыз кылууга, сот тутумун санариптештирүүгө, судьялардын, сот мекемелеринин аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканына токтолгон. - Sputnik Кыргызстан
5/5

Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен укук үстөмдүгүн камсыз кылууга, сот тутумун санариптештирүүгө, судьялардын, сот мекемелеринин аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканына токтолгон.

1/5

Жапаров сот тутумундагыларды куттуктап, андагы кемчиликтерге да токтолду

2/5

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди

3/5

Мамлекет башчы сот реформасын толук кандуу ишке ашыруу үчүн судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу иштери абдан маанилүү экени айткан

4/5

Бул багытта Жогорку Соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тиешелүү иштерди жүргүзүүсү кажет экенин белгилеген

5/5

Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен укук үстөмдүгүн камсыз кылууга, сот тутумун санариптештирүүгө, судьялардын, сот мекемелеринин аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканына токтолгон.

Мамлекет башчы сот реформасын толук кандуу ишке ашыруу үчүн судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу иштери абдан маанилүү экени айткан. Бул багытта Жогорку Соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тиешелүү иштерди жүргүзүүсү кажет экенин белгилеген.
Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен укук үстөмдүгүн камсыз кылууга, сот тутумун санариптештирүүгө, судьялардын, сот мекемелеринин аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканына токтолгон.
Жапаров сот иштеринде мурдагыдай эле катачылыктар, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары болуп жатканын да баса белгилеген.

"Буга чейин адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келди. Акыркы жылдары сот тутумуна өзгөчө көңүл бурулуп, сиздердин көз карандысыз болууңарга бардык аракеттерди кылып жатабыз. Бирок айрым судьялар көнгөн адаттарын койбой, өз кызыкчылыктарын көздөп кылмышкерлердин жосундарынын оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалоону, ошондой эле пара талап кылууну көнүмүш адатка айлантып, андай өнөкөттөрдөн арыла албай жатканы абдан өкүндүрөт", — деген президент.

Таратылган маалыматта 2022-жылы Судьялар кеңешинин дарегине келип түшкөн кайрылуу, даттанууларды талдоонун жыйынтыгы менен 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзамды бузгандыгы үчүн 2 судья кызматынан бошотулуп, дагы 2 судьяга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берилгени айтылган.
"Дагы бир кейиштүү нерсе, биздин соттордо көптөгөн иштер айлап, кээ бир учурларда жылдап каралаары баарыбызга белгилүү. Айрым судьялар тарабынан кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объектилери боюнча белгилүү бир тараптардын пайдасына багытталган чечимдер чыгарылганы тууралуу фактылар аныкталып жатат. Мындай мыйзамга каршы келген чечимдерди токтотпосок, алардын кесепети элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизери турган иш! Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек!", — деген Жапаров.
Андан сырткары сот тутумундагы кызмат орундарына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарышы керектигин белгилеген.
Жогорку соттун экс-судьясынын хан сарайы аукционго коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жогорку Соттун экс-судьясынын хан сарайы аукционго коюлду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0