Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия элчиси Брянск облусундагы теракт үчүн АКШ жооптуу экендигин билдирди

© Фото / ФСБ РоссииРоссиянын Брянск облусунда аткыланган унаа
Россиянын Брянск облусунда аткыланган унаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жазылуу
Элчи АКШнын жардамы Киев режиминин азабын узартарын билдирди.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын Брянск облусундагы теракт үчүн Американын бийлиги жооптуу, анткени анын күнөөкөрлөрүнүн артында Вашингтон турат. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Америкалык курал-жарактын ар бир жаңы жөнөтүлүшү менен Киев кылмышкерлери өздөрүн барган сайын эркин сезип жатышат. АКШнын колдоосуна шыктанып, Брянск облусундагы террордук чабуул сыяктуу адамгерчиликсиз аракеттерге барышууда. Вашингтон карапайым элди ким атып салгандардын артында турат, бул мыкаачылык үчүн жооптуу. Каза болгондор үчүн жоопкерчилик АКШнын моюнунда", — деди Антонов.
Анын айтымында, Вашингтон Киевге канчалык көп жардам берсе, украин режими НАТОнун курал-жарактарын жай тургундарга багытталган террордук тактиканы ошончолук көп колдонот.
"Россия карапайым элге кол салуу аракетин эң ырайымсыз түрдө басууну улантат. Бизди коркута алышпайт. Американын жардамы Киев режиминин азабын узартат. Ал туудурган коркунуч биздин чек аралардан керектүү аралыкка жылдырылат. Ал эми согуш талаасында украиналыктардын колуна түшкөн бардык чет элдик куралдар – талкаланып, жок кылынган", — деп белгиледи элчи.
Өткөн бейшембиде Брянск облусунун аймагына украиналык диверсиялык топ кирип келген. Любечане айылында ага катышкандар автоунаага ок чыгарып, эки жай тургун набыт болуп, бир бала ооруканага жаткырылган.
Андан тышкары Климовск районуна караштуу Сушаны айылында да дрондон түшкөн снаряддан турак жай күйүп кеткен. Кийинчерээк ФСБ Брянск облусунда украин улутчулдарынын согушу токтотулганы кабарланган. Россия президенти Владимир Путин окуяны теракт деп атады.
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ФСБ украин улутчулдарынын Брянск облусуна кол салуусун токтотконун билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0