Ош облусу боюнча бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСулайман тоо. Архив
Сулайман тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5 жана 8-мартта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата Ош облусунун аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Аптанын башында облус боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.
9-10-мартта түнкүсүн айрым жерлерде, тоо этектеринде жамгыр жаап, кар түшүшү күтүлөт. Ал эми 11-мартта күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 жана 8-мартта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жаз келди! Март айында аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0