Эл эреже бузбай айдаганга көнүш керек. Жапаров айып пулду көтөрүүнү колдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Өлкө башчы 2020-жылга чейин айдоочу күбөлүктөр сатылып келгенин, азыр андай иштер түп-тамырынан жоюлганын белгиледи.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдашы керек, элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал айып пулдардын жогорулашын колдой турганын айтып, муну менен жол кырсыктарынын саны азаярын белгиледи.
"Бул мен же Акылбек Жапаров үчүн эмес, өздөрү үчүн да. "Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат" деген сөздөрдү окуп калып жатам. Бюджет айып пул менен эмес, салык, бажыдан толот. Бул айып пулдар деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болгон жарандарыбыздын саны көбөйүүдө. Набыт болгондордун санын уксаңар, согушта дагы мынча өлүм катталбайт", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы былтыр 7 040 жол кырсыгы катталып, кесепетинен 690 адам каза тапканын, анын ичинен 103ү жаш балдар экенин белгиледи. Ал эми майып болуп калгандардын саны 11 миңден ашат.
"Мына ушунун баары жол эрежесин билбей, билсе дагы сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатат. Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес. Мен депутат кезде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылганын көргөм. Азыр ошолордун баары машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал 2020-жылга чейин айдоочу күбөлүктөр сатылып келгенин, азыр андай иштер түп-тамырынан жоюлганын билдирди. Перезидент айып пулду жогорулатууга каршы болуп жаткандардын талабы орунсуз деп эсептейт.
"Мен жол эрежесин бузушум керек. Айып пулду азыраак кылгыла" деген дагы талаппы? Тескерисинче, "эки-үч эмес, беш эсе көтөргүлө" деп чыгыш керек эле көпчүлүк эл. Себеби майып болуп калган адамдардын көпчүлүгүн мындан ары мамлекет багабыз. Тагыраагы, элдин эсебинен жөлөк пулдар берилип жатат. Бакканын го мейли, багабыз. Көп адамдар каза болуп калып жатпайбы, ошол жагы өкүнүчтүү. Ошондуктан "үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат" дегенди толук колдошубуз керек. Эгер жол эрежесин мыкты билсең, дароо тапшырып чыгып кетесиң. Билбесең – үйрөнөсүң. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман", — деди мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдар кескин жогорулайт, жазалар катаалдайт.
Бишкектеги патрулдук милициянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
8-марттан тарта мас айдоочулар камалып, 3 жылга чейин унаа айдашына тыюу салынат
Жаңылыктар түрмөгү
0