ККМ, ЭТТК колдонуу — заман талабы. Салык кызматы зарылдыгын эске салды

© Фото / пресс-служба ГНС КРККМ. Архив
ККМ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Жазылуу
Салык кызматы ККМ, ЭТТК, ЭЭФ ак ниет атаандаштыктын өнүгүшү үчүн бардык ишкерлердин таза жана ачык-айкын иштөөсүнө багытталганын эске салган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ динамикалык түрдө өнүгүп жаткан дүйнөнүн заманбап шарттарында зарылчылык болуп саналат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирип, "Дордой-Дыйкан", "Дордой-моторс", "Ош", "Азиз" базарларынын ишкерлери тарабынан контролдук-кассалык машиналардын, электрондук эсеп-фактуралардын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын киргизилишине каршы 2-мартта уюштурулган митинг боюнча билдирүү таратты.
"Салык кызматынын жетекчилиги жана өкүлдөрү чогулуштун катышуучулары менен жолугушуу учурунда алардын суроолоруна жооп берүүнү, ошондой эле салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн киргизилип жаткан компоненттеринин максаттарын жана милдеттерин кыскача түшүндүрүүнү каалашкан. ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ – динамикалык түрдө өнүгүп жаткан дүйнөнүн заманбап шарттарында бул зарылчылык болуп саналат. Бирок митингчилер конструктивдүү сүйлөшүүдөн баш тартышты. Бул митингди уюштуруучулардын башкы максаты – диалог эмес, өз суроолоруна жооп алууну жана угууну каалабагандык экендигин дагы бир жолу далилдеп турат", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы ККМ, ЭТТК колдонууга каршы өткөрүлгөн митинг таза жана ачык иштөөнү каалабаган ишкерлердин кызыкчылыгында уюштурулган деген пикирде. Билдирүүдө эгер алар электрондук салык кызматтарын колдонушса, миллиондогон товар жүгүртүүсүн көрсөтүп, реалдуу экономикалык иштин негизинде салык төлөшү керек болору айтылган.
"Ошондуктан алар коомчулуктун тынчын алышууда. Анын үстүнө акыркы митингде "Биз салык саясатына каршыбыз" деген деструктивдүү ураандар колдонулган. Алар мамлекеттик саясатка каршы болуп, башка ак ниеттүү ишкерлер сыяктуу мыйзам боюнча иштегиси келбей, тийиштүү салыктарды төлөөдөн качууда. Алардын каалоосу жана жеке кызыкчылыктары коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турабы? Нааразы болгондор санариптештирүү долбоорлорун киргизүү товарлардын баасын көтөрүүгө аргасыз кыларын жүйө келтиришүүдө. Товардын баасында алар төлөй турган салыктар мурдатан эле бар экенин белгилейбиз. Тактап айтканда, каршы чыгып жаткан ишкерлер товарлардын баасына салыктардын суммасын кошуп, бирок бул салыктарды мамлекетке төлөбөй келишкен", — деп айтылат билдирүүдө.
Салык кызматы ККМ, ЭТТК, ЭЭФ ак ниет атаандаштыктын өнүгүшү үчүн бардык ишкерлердин таза жана ачык-айкын иштөөсүнө багытталганын эске салып, митингдин катышуучуларын ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу зарылдыгын түшүнүүгө жана кабыл алууга чакырат. Салыктык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилбесе, ак ниеттүү ишкердикти кеңири өнүктүрбөсө, мамлекет социалдык-экономикалык маселелерди сапаттуу чече албайт.
Андыктан салык мыйзамдарынын ченемдерин аткаруу, мыйзамга ылайык иштөө, ак ниет бизнес жүргүзүү боюнча Салык кызматынын койгон талаптары толугу менен мыйзамдуу жана өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берери айтылган.
Супермакеттин кассасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Салык кызматы: ККМ салыктын жыйналышына оң таасирин берди
Жаңылыктар түрмөгү
0