Россия АКШдан коргонуу үчүн согуштук операциянын жаңы түрлөрүн иштеп чыгууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү"Ярс" ракеталык комплексинин жанында жоокер. Архив
Ярс ракеталык комплексинин жанында жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Жазылуу
Россия АКШ агрессиясынын башталышын алдын алуу үчүн ооздуктап коюуга алы жетерин көрсөтүп коюшу керектиги белгиленген.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россия АКШнын болуп кетүүчү агрессияларынан коргонуу үчүн өзөктүк куралды колдонуп аткарылчу согуштук операциялардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгып жатат. Бул туурасында РИА Новости аскер жетекчилери үчүн чыккан "Военная мысль" деп аталган журналга шилтеме кылып маалымат таратты.
Аталган журналды РФтин Коргонуу министрлиги чыгарат.
Анда АКШ дүйнөгө лидерлик кылган позициясын акырындап жоготуп бара жатканы айтылган. Мунун жыйынтыгында алардын Россияга карата аскердик-саясий курстагы агрессиясы артууда. Себеби РФти Американын дүйнөлүк үстөмдүгүн жоготушуна күнөөлөп келишет. Муну менен катар эле макаланын авторлору Россияны талкалоону АКШ, кыязы, "Стратегиялык (глобалдуу) көп тармактуу операция" түрүндө пландап жатат деп белгилешет.
Материалда Пентагондун аталган операциянын алкагында кадимки көз ирмемдеги глобалдуу соккунун жардамы менен россиялык стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн 65-70 пайыздан кем эмесин талкалоону карап жатканы түшүндүрүлгөн. Андан сырткары, глобалдуу ПРО системасы менен россиялык өзөктүк куралдарды алып жүрүүчүлөрдүн калгандарын зыянсыздандырып, андан соң жетиштүү болгон кичирээк көлөмдөгү өзөктүк сокку менен Россияны жок кылуу максаты турат деп жазылган.
"Пентагондун РФти жок кылуу боюнча агрессивдүү ойлорун ишке ашырууга каршы күчтөрдү стратегиялык жактан кармоо, ооздуктоо ыкмалары активдүү иштелип чыгып жатат", — деп айтылат макалада.
Аскердик окумуштуулар белгилегендей, америкалык агрессорду талкалоо боюнча чечкиндүү стратегиялык максаттарга жетүү үчүн мындай операция "жаңы аскердик технологияларды эске алганда стратегиялык заманбап чабуул коюучу жана коргонуучу, өзөктүк жана өзөктүк эмес куралдарды колдонууну шарттайт".
Журнал россиялык операциянын максаты АКШ менен НАТОнун көз ирмемде болуучу глобалдуу чабуулдарын ооздуктоо, россиялык чабуул коюучу стратегиялык күчтөрдөгү көп жоготууларга жол бербөө экендигин атаган. Андан сырткары, мындай операциянын жүрүшүндө америкалык глобалдуу ПРО системасынын "үнү өчүрүлүшү" керектиги, бул абада Россиянын стратегиялык ракеталарынын жок кылынбашы үчүн зарыл экени айтылган. Операциянын финалдык этабы сакталып калган өзөктүк потенциалдын жардамы менен агрессорго оңбогондой сокку урууну пландаган.
Макалада АКШ тарабынан болгон агрессиянын башталышын алдын алуу үчүн НАТОнун аба-космостук операцияларынын этаптарынын биринде Россия аны ооздуктап коюуга алы жетерин көрсөтүп коюшу керектиги белгиленген.
Капитолий. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: АКШ кыйратуучу саясат жүргүзүп жатканын Россия дайым эскертип келет
Жаңылыктар түрмөгү
0