Депутат: салык саясаты туура эмес жүрүп, баалар көтөрүлүп жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Эл өкүлү бюджетти көбөйтөлү деп эле ишкерлерди муунткандан пайда чыкпай турганын белгиледи.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Салык саясатынын туура эмес жүргөнүнө улам соңку учурда товарлардын баасы көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Анын айтымында, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) киргизилгени менен салык органдары өздөрү даяр эмес экен.
"Адамдардын көбү билбейт. ЭТТК аткезчилик болбосун, товарлардын кайдан келип, кайда баратканын билели деген ниет менен киргизилип жатат. Салык органдарына товарларынын тизмесин беришиптир "коддорун киргизгиле" деп, бирок бир-эки айдан бери басып жатат. Өздөрү даяр эмес экен. Элдин баарын кыйнабай даяр болуп анан баштабайбы. Базарларда соода токтоп калды, товар жүгүртүү азайып кетти. Чоң гипермаркеттердин эле иши жүрүп жатат. Бирок аларга түшкөн акча чет өлкөгө чыгып кетет. Ошону кантип түшүнбөй жатабыз. Кичинекей дүкөн, базарда эптеп жан баккандардын ишин токтотуп койду", — деди Кадырбеков.
Эл өкүлү бюджетти көбөйтөлү деп эле ишкерлерди муунткандан пайда жоктугун, андай боло берсе баары сыртка чыгып кетип же бизнесин жаап койсо жумуш орун кыскарып, салыктык база азайып кайра эле мамлекетке зыян болорун белгиледи.
Салык кызматынын товарларга жана контролдук-кассалык машиналарга байкоо жүргүзүүнү ишке ашырууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азат Алманбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Радио
Алманбетов: ЭТТК товарларды көзөмөлдөө үчүн гана керек
Жаңылыктар түрмөгү
0