Садыр Жапаровдун Венгрияга сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Садыр Жапаров Каталин Новакты өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон сапары соңуна чыгып, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, расмий иш-чаралар Лайош Кошут аянтында президент Садыр Жапаров менен Венгриянын өлкө башчысы Каталин Новактын расмий жолугушуу аземинен башталган. Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар коюлган соң Жапаров менен Новак чакан жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташуунун конкреттүү маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияны кабыл алышты. Ошондой эле кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров ошондой эле Каталин Новакты өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Ошол эле күнү президент Венгриянын Улуттук жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуп, парламенттин имаратын көрүп чыкты.
Мындан тышкары, Жапаров Кыргызстандагы белгилүү архитектор Ласло Месароштун неберелерине анын үй-бүлөлүк сүрөттөрүн, ошондой эле республикалык архивден алынган алардын чоң энеси Вильма Ковачтын өмүр баянындагы ак тактарды көрсөткөн документтерди өз колу менен тапшырды.
Эртеси күнү президент венгриялык жана кыргызстандык ири компаниялар катышкан венгер-кыргыз бизнес-форумунун ишин ачып берди. Мамлекет башчысы Венгриянын бизнес-коомчулугун Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.
Андан соң Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Эки тарап тең өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Мамлекет башчысы энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган "Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd" компаниясынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Бул компания менен Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында кызматташуу күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.
КР менен Венгриянын президенттери стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
КР менен Венгриянын президенттери стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюшту
Жаңылыктар түрмөгү
0