Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча үн катты

© Sputnik / Эламан КарымшаковМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев темир тордун артында 3,5 жыл отургандан кийин абактан чыгарылды.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Сот менен укук коргоо органдары чечтиби (Алмазбек Атамбаевди бошотууну – ред.), демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Мындай пикирин мамлекет башчы Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча "Кабар" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Жапаров мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнүү туурасында кеп кылган.

"Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актаган. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз", — деген Садыр Жапаров.

Ал кечиримдүүлүк тууралуу да айткан.
"Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи вассалламга: "Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын" деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат", — деп жыйынтыктаган ал маегин.
Эске салсак, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев темир тордун артында 3,5 жыл отуруп, 2023-жылдын 14-февралында бошотулган.
Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу өкүм жокко чыгарылып, Атамбаевдин ишин кайрадан кароо үчүн жиберген соң чыгарылып, бүгүн чет өлкөгө дарыланууга учуп кетти.
Абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана жубайы Раиса Атамбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө барды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0