https://sputnik.kg/20230215/bajsalov-atambaev-tuuraluu-1072884627.html
Эч ким өзүн мамлекет жана мыйзамдан жогору коё албайт. Байсалов Атамбаев тууралуу
Эч ким өзүн мамлекет жана мыйзамдан жогору коё албайт. Байсалов Атамбаев тууралуу
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент 14-февраль күнү абактан чыкты. 15.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-15T09:55+0600
2023-02-15T09:55+0600
2023-02-15T10:05+0600
кыргызстан
алмазбек атамбаев
эдил байсалов
сооронбай жээнбеков
кылмыш
бийлик
демократия
мыйзам
эл
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/17/1069283421_746:181:2957:1425_1920x0_80_0_0_4b771c748b88f8f9c3a729b98297aec9.jpg
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Коомчулук Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушун анын Сооронбай Жээнбеков менен каршылашуусуна такабашы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазып, мурунку президенттин түрмөдөн чыгышы тууралуу пикирин билдирген.Ал Атамбаевдин боштондукка чыгышы чындап көпчүлүктү кубанычка бөлөгөнүн, бир үй-бүлөдө чыныгы майрам болгонун белгилеп, коомчулук эски таарынычтарга улам кылчактабай алдыга жылышы керектигине токтолгон.Ал мындай учурда мыйзамдуу президент эмне кылышы керек эле деп суроо салган. Байсаловдун айтымында, сүйлөшүүгө, ынтымакташууга жасалган аракеттерден, башкы стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин ортомчулугунан майнап чыккан эмес. Атамбаев төңкөрүш жасай турганын байма-бай айта баштаган."Мурдагы президентке каршы козголгон кылмыш иштеринин негиздүүлүгүнө токтолгум келбейт. Анын эң башкы кылмышы мамлекетке жана мыйзамга баш ийбөөсү болду. Атамбаев тергөөгө келиши керек болчу. Бирок ал өзүн элден, мамлекеттен жана мыйзамдан жогору койду. Натыйжада спецназдын жоокери Усөн Ниязбеков каза таап, генерал Самат Курманкулов майып болуп калды. Бул тууралуу унутпашыбыз керек. Андыктан баарыбыз туура жыйынтык чыгардык деп ишенгим келет", — деген Байсалов.Ал эч ким өзүн мамлекеттен, мыйзамдан жогору коё албай турганын белгилеген."Эгер биз тергөөгө чакырууларды тоотпой койсок, эртең Сомалиден эч айырмабыз болбойт, бизди талаа командирлери башкарып калат. Ким кимди сатты деп жеке мамилеге өтчү учур эмес. Мыйзам деген мыйзам. Мамлекет ар бирибизди мыйзамга баш ийдирүүгө укуктуу эле эмес, милдеттүү дагы. Бул мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн жасалышы керек", — деди Байсалов.Сөзүнүн соңунда ал мамлекет эл бийлиги болгон демократияга каршы турууга эч кимге жол бербей турганын белгиледи.
https://sputnik.kg/20230214/atambaev-abaktan-chygyshy-biylik-suyloshuu-1072881611.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/17/1069283421_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_69ded7ddc2dedf95d6ecf30a250bf217.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, алмазбек атамбаев, эдил байсалов , сооронбай жээнбеков, кылмыш, бийлик, демократия, мыйзам, эл
кыргызстан, алмазбек атамбаев, эдил байсалов , сооронбай жээнбеков, кылмыш, бийлик, демократия, мыйзам, эл
Эч ким өзүн мамлекет жана мыйзамдан жогору коё албайт. Байсалов Атамбаев тууралуу
09:55 15.02.2023 (Жаңыртылды: 10:05 15.02.2023) Мурдагы президент 14-февраль күнү абактан чыкты.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Коомчулук Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушун анын Сооронбай Жээнбеков менен каршылашуусуна такабашы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазып, мурунку президенттин түрмөдөн чыгышы тууралуу пикирин билдирген.
Ал Атамбаевдин боштондукка чыгышы чындап көпчүлүктү кубанычка бөлөгөнүн, бир үй-бүлөдө чыныгы майрам болгонун белгилеп, коомчулук эски таарынычтарга улам кылчактабай алдыга жылышы керектигине токтолгон.
"ЖМКларды, комментаторлорду Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун анын Сооронбай Жээнбеков менен каршылашуусуна такабоону өтүнөт элем. Атамбаев мүмкүн болгон да, болбогон да аракет менен, болгон-бүткөн мыйзамдын баарын бузуу менен мураскерин өзү тандап, аны элге таңуулады. Мындай кадам өлкөнү коңшулар менен согуштук абалга кептеп, массалык камоолор, опуза менен коштолду. Бирок анын Жээнбеков номиналдык жетекчи болот деген үмүтү акталган жок. Кеп бул жерде достукта эмес! Маселе — Конституцияда, демократиянын негизги мыйзамында. Жалпы эл тандаган киши гана президент боло алат. Конституцияда башка аракет каралган эмес. Эч ким эч кимди сатып кеткен жок. Тескерисинче, Атамбаев мамлекеттин негизин бузуп, массалык толкундоолорду уюштуруу менен жаңы эле шайланган Жээнбековду ээрден оодарууга аракет жасады. Эс алуунун ордуна шайлоодон эки ай өтүп-өтпөй Жээнбековду Бакиевдин кишиси деп айыптай баштады", — деп жазган Байсалов.
Ал мындай учурда мыйзамдуу президент эмне кылышы керек эле деп суроо салган. Байсаловдун айтымында, сүйлөшүүгө, ынтымакташууга жасалган аракеттерден, башкы стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин ортомчулугунан майнап чыккан эмес. Атамбаев төңкөрүш жасай турганын байма-бай айта баштаган.
"Мурдагы президентке каршы козголгон кылмыш иштеринин негиздүүлүгүнө токтолгум келбейт. Анын эң башкы кылмышы мамлекетке жана мыйзамга баш ийбөөсү болду. Атамбаев тергөөгө келиши керек болчу. Бирок ал өзүн элден, мамлекеттен жана мыйзамдан жогору койду. Натыйжада спецназдын жоокери Усөн Ниязбеков каза таап, генерал Самат Курманкулов майып болуп калды. Бул тууралуу унутпашыбыз керек. Андыктан баарыбыз туура жыйынтык чыгардык деп ишенгим келет", — деген Байсалов.
Ал эч ким өзүн мамлекеттен, мыйзамдан жогору коё албай турганын белгилеген.
"Эгер биз тергөөгө чакырууларды тоотпой койсок, эртең Сомалиден эч айырмабыз болбойт, бизди талаа командирлери башкарып калат. Ким кимди сатты деп жеке мамилеге өтчү учур эмес. Мыйзам деген мыйзам. Мамлекет ар бирибизди мыйзамга баш ийдирүүгө укуктуу эле эмес, милдеттүү дагы. Бул мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн жасалышы керек", — деди Байсалов.
Сөзүнүн соңунда ал мамлекет эл бийлиги болгон демократияга каршы турууга эч кимге жол бербей турганын белгиледи.

14 Бирдин айы 2023, 21:46