Американын асманындагы тиреш: NORAD чет планетадагыларды да жокко чыгарбайт

© Фото / U.S. Air Force / Senior Airman Kevin Sommer GironАмерикалык истребител F-16 Fighting Falcon. Архив
Америкалык истребител F-16 Fighting Falcon. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Жазылуу
АКШ өкмөтү 2001-2021-жылдардын аралыгында эле планеталар аралык байланыш тууралуу 144 отчет даярдаган.
Февралда АКШ асманынан кокусунан көзгө түшүп калган Кытайдын ири аэростаты Пентагондун адистерин көзөмөлдү күчөтүп, Түндүк Американын ракетага каршы жана абадан коргонуу (NORAD) системаларынын аппаратурасын кайрадан жөндөп чыгууга мажбур кылды. Жыйынтыгы көп күттүргөн жок — АКШ менен Канаданын асманынан Кытайдын аэростатына дегеле окшобогон бир нече объект аныкталган. Акыркы үч күн ичинде эле АКШнын Аскер-аба күчтөрү табышмактуу үч учуучу аппаратты атып түшүрдү. Дүйнөлүк масштабдагы интригага аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салып, талдоого аракет кылган.
Түндүк Американын Аба-космостук коргонуу (NORAD) жана АКШнын Түндүк командачылыктарынын (NORTHCOM) башчысы, генерал Глен ВанХерк 10-12-февраль күндөрү атып түшүрүлгөн анча чоң эмес, жайыраак жүргөн объектилер ылдамдыгы, көлөмү боюнча Жер планетасынан тыш чыгарылган деген пикирди жокко чыгарбай турганын айтты. Генерал жөн киши эмес, сөзүнө көңүл бурбай коюу жарабайт. Анда окуяны ырааты менен карап көрөлү.
Түндүк Американын аймагынан беш күн бою учуп жүргөндөн кийин 4-февралда F-22 истребители Түштүк Каролинанын жээгинен 20 чакырым бийиктикте Кытайдын байкоо салган аэростатын атып түшүргөн. АКШнын территориялык суусуна түшкөн сыныктарды адистер изилдеп жатышат. Вашингтон КЭРдин аппараты беш континент менен 40тан ашуун өлкөнүн аймагында иштеген чалгын флотуна тиешелүү экенин билдирди. Кызыктын баары Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Пекинге болчу сапарын жылдыргандан кийин башталды.
NORAD радарларын багытын өзгөртүп тууралаган соң америкалыктар Алясканын үстүнөн чакан автоунаадай болгон учуучу объектини аныкташкан. F-22 истребители аны 12 чакырым бийиктиктен ыраактыгы 20 километрге жеткен AIM-9X Sidewinder (аба-аба) ракетасы менен атып түшүрдү. Музга түшкөн табышмактуу аппараттын (учак да эмес, шар да эмес) сыныктары изилдөөчүлөр үчүн бир топ кызык болуп турган чак.
Ал эми Түндүк Канаданын үстүнөн 12 чакырым бийиктиктен табылган экинчи объект (цилиндр формасында, чакан) да F-22 истребители менен (AIM-9X ракетасы) 11-февралда өлкөнүн премьер-министри Жастин Трюдонун чечими менен атып түшүрүлгөн. Белгисиз нерсенин баары улуттук коопсуздукка коркунуч эмеспи.
Үчүнчү аппарат (сегиз бурчтуу, бурчтарынан жиптер түшүп турган) 12-февралда Гурон көлүнүн (Мичиган штаты, АКШ) үстүнөн байкалган. Аны АКШ президенти Жо Байдендин буйругу менен 6 чакырым бийиктикте F-16 учагы менен атып түшүрүшкөн. Объект "жарандык авиация үчүн кооптуулук жаратат" деген тыянак чыккан.
Үч учурда тең пилоттор табышмактуу аппараттарга жакындап барып, алардын учкучсуз башкарыларын аныкташкан, бирок Пентангондун бул боюнча маалыматы өтө супсак. Америка коомчулугу кооптонуп жаткан мезгил. АКШ конгрессинде "эл анык бир жооп алууга укуктуу" экени айтыла баштады. Ал арада Кытай 12-февраль күнү чыгышындагы Шаньдун провинциясынын үстүнөн учкан белгисиз аппаратты байкап, аны жок кылууга кам көрүүдө. Улуттук коопсуздук баарынан жогору турат эмеспи. "Асмандагы согуштар" ушинтип башталат чыгар.
Кытайдын Борбордук тышкы иштер комиссиясынын аппарат директору Ван И - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Кытайдын АКШ аймагында табылган аэростаты. Окуянын чоо-жайы

Физика мыйзамдарына каршы

Түндүк Американын Аба-космостук коргонуусунун командачылыгы жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат. Эмнеге даярданып жатканы белгисиз. Вашингтон болуп жаткан окуяны түшүнө да, түшүндүрө да албай жаткан чагы. CNN телеканалы "Пентагон менен Капитолийден чыккан маалыматтар бул өзгөчө окуянынын кызыгын ого бетер арттырып, андан бетер чиелеништирип" жатканын айтып чыкты. Сенатор Дэн Салливан учуучу аппараттардан "кооптуулук болорун" түшүнүү зарыл деп эсептөөдө. Азырынча бул объектилер абада кантип кармалып турганы да белгисиз. Анын кимге тиешелүүлүгү жалпы планетанын масштабындагы интрига болуп жатат. Кантсе да шамал болбосо чөптүн башы кыймалдабайт эмеспи, башаты бар.
АКШ өкмөтү 2001-2021-жылдардын аралыгында эле планеталар аралык байланыш тууралуу 144 отчет даярдаган. Анын ичинде "бир нече датчиктин жардамы менен" НЛОго байкоо жүргүзүлгөн 80 учур жана Пентагондун учактары менен пикир келишпестикке барган 11 учур бар. Мыйзамчылардын өтүнүчү менен 2022-жылдын май айында аскер-деңиз чалгыны боюнча директор Скотт Брей менен АКШнын коргоо министринин чалгын жана коопсуздук боюнча орун басары Рональд Моултри 50 жылдан бери биринчи жолу америкалык конгрессмендерге таанылбаган учуучу жана сүзүүчү аппараттар тууралуу сүрөт жана видеолорду көрсөткөн. Бирок эч нерсе түшүндүрүлгөн эмес.
Тиешелүү адистер көп нерсени түшүндүрүп бере алса керек, бирок "Кытай жана Россия сыяктуу каршылаштарга жаңы технологиялар менен таң калтыруусуна жол бербеш үчүн" эч ким сырын ачыктагысы келбейт. АКШ Конгрессиндеги жыйын жабык эшик артында өткөнү менен "деди, дейт" деген сөздөр чыга калып жатат.
Дүйнөгө белгилүү америкалык астрофизик Митио Каку НЛО темасын да, конгрессмендердин ачылышын да "бул өзгөчө кемелер физиканын баарыбызга белгилүү мыйзамдарына чакырык таштоодо" жана "далилдин жоктугу анын чындап жок экенин тастыктабайт" деп жакшы комментарийлеп берди. Чындык жакын эле жерде окшобойбу...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Кытайдын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
АКШнын Кытай менен тирешүү ниетине Пекинден жооп узатылды
Жаңылыктар түрмөгү
0